Өз өлүмү тууралуу кабар угуп... Роза Рымбаева тууралуу 10 факты

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүXXVI Международный фестиваль искусств "Славянский базар в Витебске"
XXVI Международный фестиваль искусств Славянский базар в Витебске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роза Рымбаеванын аты 1970-80-жылдары Советтер Союзунун атактуу жылдыздары Алла Пугачева, София Ротарудан кем эмес популярдуу болгон. Ажарлуу ырчыны бекеринен "Орто Азиянын алтын үнү" деп аташкан эмес.

Жарым кылымга жакын убакыттан бери сахнадан түшпөгөн ажарлуу ырчы бүгүн 62 жашка чыгат. Sputnik Кыргызстан агенттиги бир эле Казакстандын эмес, бүткүл КМШ өлкөлөрүнүн сыймыгына айланган Роза Рымбаева тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Келечегин белгилеген ысымы. Роза Рымбаева 1957-жылы 28-октябрда Казакстандын Семипалатинск (азыркы Семей) облусунун Жарма районунда жайгашкан Жаңгызтөбе станциясында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси ымыркайдын келечегин сезгендей эле ага белгилүү казак опера жана эстрада ырчысы Роза Багланованын атын ыйгарышкан. Темир жолчу атасы жана үй кожойкеси болгон апасы сегиз баланы тарбиялаган, ашыкча байлыгы жок өтө жөнөкөй үй-бүлө эле. Мындан улам ырчы жетишпеген жашоонун даамын эрте тартат. Бирок өзүнүн айтымында, талыкпаган эмгекке үйрөткөн оор турмуштун пайдасын кийин көп эле көргөн. Улуу агасы музыкага кызыгып, бир нече аспаптарда ойночу. Роза Рымбаева маектеринде анын чыгармачылыкка аралашуусуна агасынын өтө чоң түрткү бергендигин айтып калат. Ата-энеси балдарына татыктуу билим берүү үчүн болгон аракетин жумшайт. Бирок алар жашаган темир жол станциясында мектеп жок эле, мындан улам кичинекей кызды үйдөн алыс жайгашкан интернатка беришет. Ырга, бийге шыктуу болгон тестиер окуучулук кезинен эле музыкалык ийримдерге катыша баштайт. 

© Sputnik / Палатник / Медиабанкка өтүүРоза Рымбаева 1957-жылы 28-октябрда Казакстандын Семипалатинск (азыркы Семей) облусунун Жарма районунда жайгашкан Жаңгызтөбе станциясында жарык дүйнөгө келген.
Өз өлүмү тууралуу кабар угуп... Роза Рымбаева тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Роза Рымбаева 1957-жылы 28-октябрда Казакстандын Семипалатинск (азыркы Семей) облусунун Жарма районунда жайгашкан Жаңгызтөбе станциясында жарык дүйнөгө келген.

Ийгилик жана бакыт алып келген "Гүлдөр". Роза Рымбаева мектепти аяктаган соң талантын өркүндөтүү үчүн чоң шаарга бет алат. 1975-жылы 18 жашында Алматы шаарындагы театралдык-көркөм институттун музыкалык жана драмалык комедия факультетине тапшырат. Сахнага болгон кадамы ушул эле жылы өткөн республикалык сынакка катышуусу менен башталат. Биринчи жолу мындай абройлуу иш-чарага катышкан булбул үндүү, ажарлуу ырчынын таланты дароо эле күйөрмандардын көңүлүн бурат. Сынак ага чыгармачылык гана ийгилик алып келбестен, жеке жашоосундагы бактысына да жолуктурат. Конкурстан кийин ошол кездеги эң популярдуу эстрадалык ансамбль катары эсептелинген "Гүлдөрдүн" катарына кошулуп, ал жерде болочоктогу жолдошу менен таанышат. Ырчы жана ансамблдин башкы дирижёру Таскын Окапов менен устат-шакирт катары башталган мамилеси тез эле сүйүүгө айланып, чогуу түтүн булатышат.

СССР сахнасын багындыруу. Жашы 20га жете элек Роза Рымбаева тездик менен элге таанылат. Жаш ырчынын үнү бүткүл өлкөдө жаңырып, акырындык менен казак элинин сыймыгына айлана баштайт. “Гүлдөр” тобунда үч жыл ырдагандан кийин күйөөсү менен өз алдынча чыгармачылыкка аттанууну чечет. Алар “Арай” деп аталган ансамбль түптөп, мындан ары ушул жаңы топтун ырчысы катары аты чыга баштайт. Сахнага чыкканына аз гана болгонуна карабастан бир нече абройлуу деп эсептелинген сынактарда байгелерге ээ болот. Алардын арасында 1977-жылы Болгарияда өткөн "Алтын Оргей" фестивалынын орду чоң. Дал ушул жерде башкы байгени жеңген соң чоң сахнадагы ийгиликтер биринин артынан бири келе баштайт. Улам-улам хитке айланган ырларды чыгарып жатып, СССРде белгилүүлүгү Алла Пугачева жана София Ротарудан кем калбаган артистке айланат. Казак элинин атын бүткүл союзга таанытып жаткан ырчынын таланты эрте эле бааланат. 22 жашында Эмгек сиңирген артист наамын алып, "Орто Азиянын алтын үнү" аталат. 

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүЖашы 20га жете элек Роза Рымбаева тездик менен элге таанылат. Жаш ырчынын үнү бүткүл өлкөдө жаңырып, акырындык менен казак элинин сыймыгына айлана баштайт. 22 жашында Эмгек сиңирген артист наамын алып, "Орто Азиянын алтын үнү" аталат.
Өз өлүмү тууралуу кабар угуп... Роза Рымбаева тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Жашы 20га жете элек Роза Рымбаева тездик менен элге таанылат. Жаш ырчынын үнү бүткүл өлкөдө жаңырып, акырындык менен казак элинин сыймыгына айлана баштайт. 22 жашында Эмгек сиңирген артист наамын алып, "Орто Азиянын алтын үнү" аталат.

Жалгыз бой эне. Роза Рымбаева менен Таскын Оспаев эки жыл мамиле куруп, 1979-жылы үйлөнүшөт. Эки талант чыгармачылыкты биринчи орунга коюп, үй-бүлөлүк маселелерди кийинкиге жылдырышат. Ар дайым иш үстүндө болуп, чет өлкөлөрдө гастролдогон ырчы 1990-жылы 33 жашка чыкканда гана биринчи баласы Алини жарык дүйнөгө алып келет. Төрөт учурунда анын бөйрөгү иштен чыгып, дарыгерлердин өз убагындагы жардамы менен гана аман калат. Эми гана бала жытын жыттап, үй-бүлөсү менен бактылуу жашап жаткан ырчыга 20-кылымдын аягы кайгыны да, кубанычты да кошо алып келет. 1999-жылы кош бойлуу Рымбаеванын жолдошу уктап жаткан жеринен жүрөгү кармап каза болот. Кайгыга баткан ырчыны 2000-жылы жарык дүйнөгө келген экинчи уулу Мади алып калат. Мурдагыдай жанында таянган адамы жок Рымбаева балдарын татыктуу багуу үчүн тез-тез гастролдорго чыга баштайт. Өз уулдарынан башка анын колунда жолдошунун каза болгон туугандарынын эки кызы да бар эле. "Балдарым музыкант болууну каалашса, каршы эмесмин" деген ырчынын эки уулу тең чыгармачылыкка жакын чоңоюшту. Али белгилүү ырчы, бийчи, композитор болсо, Мади да агасына таасирленип музыка дүйнөсүнө аралашкан.

Атактуу ырчыларды тарбиялаган. Роза Рымбаева эл аралык деңгээлде атактуу болгон бир нече ырчыга устаттык кылган. Мугалим катары жүздөгөн жаштарга чыгармачылык билим берсе, сахнада көптү көргөн адам катары бир нече тажрыйбалуу артисттерди да даярдаган. Мисалы, белгилүү "А-Студио" тобунун көпчүлүк солисттери шоу дүйнөсүнүн сырларын Рымбаевадан үйрөнүшкөн. Бирок ошолордун арасынан Рымбаева үчүн 2015-жылы каза болгон ырчы Батырхан Шукеновдун орду өзгөчө эле. Экөө 1980-жылдардын башында эле "Арай" тобунда иштей башташат. Ал кезде студент болгон Шукенов Рымбаевага өз энесиндей мамиле кылчу. "Дайыма көңүлү ачык, жайдары болгондуктан анын ооруганын деле сезбептирмин. Жылуу мамиле жасап, мени апа дечү" деп кесиптеши жөнүндө эскерген жайы бар. 

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүАр дайым иш үстүндө болуп, чет өлкөлөрдө гастролдогон ырчы 1990-жылы 33 жашка чыкканда гана биринчи баласы Алини жарык дүйнөгө алып келет. Төрөт учурунда анын бөйрөгү иштен чыгып, дарыгерлердин өз убагындагы жардамы менен гана аман калат.
Өз өлүмү тууралуу кабар угуп... Роза Рымбаева тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Ар дайым иш үстүндө болуп, чет өлкөлөрдө гастролдогон ырчы 1990-жылы 33 жашка чыкканда гана биринчи баласы Алини жарык дүйнөгө алып келет. Төрөт учурунда анын бөйрөгү иштен чыгып, дарыгерлердин өз убагындагы жардамы менен гана аман калат.

Эки элдин ырчысы. Роза Рымбаева Кыргызстанда да өз өлкөсүнөн кем эмес сүйүүгө ээ болгон ырчы. Карьерасы башталгандан бери эле кошуна өлкөгө ондон ашык жолу концерттик программа менен келип, жергиликтүү күйөрмандары менен жолугуп кеткен. Өзү да "Союз кезинен баштап эле эки элдин ырчысы болдум" деп көп жолу айткан. Эки калктын достугун бекемдегени үчүн 1994-жылы Кыргызстан маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. 

Жандуу үн менен гана ырдайт. Роза Рымбаева журналисттер менен болгон баарлашууларында эч качан фонограмма менен ырдабагандыгын баса белгилеп келет. Жарым кылымдан бери сахнада жүргөн ырчы ар дайым жандуу үн менен угармандарын сүйүндүрөт. "Жөн гана музыканын коштоосунда оозумду ачып койгондон көрө жердин түбүнө кирип кеткеним жакшы" дейт артист. Ал гана эмес, катуу ооруп калган кезинде да өз үнү менен ырдоодон баш тарткан эмес. Өзүнүн айтымында, бир жолу сахнага чыгаар алдында катуу аллергияга кабылып, мурду бүтүп калат. Концерттин уюштуруучулары ага фонограмма менен ырдоону сунушташат. Бирок ырчы "таза үн менен ырдабасам, элдин жүзүн карай албайм" деп болбой койгон. 

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүРоза Рымбаева эл аралык деңгээлде атактуу болгон бир нече ырчыга устаттык кылган. Мугалим катары жүздөгөн жаштарга чыгармачылык билим берсе, сахнада көптү көргөн адам катары бир нече тажрыйбалуу артисттерди да даярдаган.
Өз өлүмү тууралуу кабар угуп... Роза Рымбаева тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Роза Рымбаева эл аралык деңгээлде атактуу болгон бир нече ырчыга устаттык кылган. Мугалим катары жүздөгөн жаштарга чыгармачылык билим берсе, сахнада көптү көргөн адам катары бир нече тажрыйбалуу артисттерди да даярдаган.

Согуш талаасында өткөн концерт. Афган согушу учурунда Рымбаева ал жакка барып, ок алдында совет жоокерлеринин маанайын көтөрүп, ырларын тартуулап келген. 1983-жылы жолдошу экөө түптөгөн "Арай" тобу менен бирге согуш жүрүп жаткан өлкөгө аттанат. Куйкалаган аптапта чатырда жатып, аскерлер менен бирге тамактанган күндөрүн ырчы азыр да унута элек. "Жарадар болгон аскерлер жаткан ооруканаларда концерт бердик. Төшөктөн тура албагандар, таякка таянып баскандар, жүзүнүн баары оролгон жоокерлердин астында ырдадым. Алар да, мен да көзүмө жаш алганым эсимде" деп эскерет ырчы. Афганистандан келген соң келте оорусуна чалдыгып, бир ай ооруканада жаткан.

Өзүнүн "өлүм" кабарын алган. 2016-жылы Роза Рымбаеванын "өлүмү" тууралуу кабар казак социалдык тармагына шамалдай жайылган. "Жол кырсыгында каза болду" деген жалган маалыматты ырчынын күйөрмандары кайгыруу менен кабыл алышкан. Бирок ал дароо эле аман-эсен экенин белгилеп, мындай кабарды чыгаргандар жазалануусу керектигин айткан. "Бул кабарды укканда чындыгында күлдүм. Көпкө жашайт экем. Бирок бул өтө орой, жаман тамаша. Кабарды тараткан адамдын акыл-эси жайында эмес" деген ырчы. 

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоза Рымбаева журналисттер менен болгон баарлашууларында эч качан фонограмма менен ырдабагандыгын баса белгилеп келет.
Өз өлүмү тууралуу кабар угуп... Роза Рымбаева тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Роза Рымбаева журналисттер менен болгон баарлашууларында эч качан фонограмма менен ырдабагандыгын баса белгилеп келет.

Сан жетпеген сыйлыктар. Роза Рымбаева жарым кылымга жакын убакытта онго жакын альбом чыгарган. Ал музыка менен гана чектелип калбай өз күчүн кинодо да сынап көргөн. Тасмадагы биринчи ролун "Алгачкы ыр" телефильминде жаратса, Советтер Союзу жана Чехословакиянын биргелешип чыгарган "Көрүшкөнчө, Медеу" фильминде башкы каармандын образын ойногон. Роза Рымбаева ээ болгон наамдарга чындыгында эле сан жетпейт. Бир канча өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер болуп, "Жылдыз адамы" аталган Рымбаева 2008-жылы Пекин Олимпиада оюндарында факелди ташыган. 2011-жылы Казакстанда өткөн Кышкы Азия оюндарында өлкө гимнин аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0