Кайната менен сөз талашпа. Кайын журт менен таанышуу этикети

© Sputnik / Табылды КадырбековКамыр жайып жаткан кыздар. Архив
Камыр жайып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомчулук жүргөн ар кайсы жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Кайын журт менен таанышуу — болочоктогу үй-бүлөнүн жашоосуна бир топ таасир өтчү процесс. Анткени өз уулу же кызынын жанынан идеалдуу түгөй көргүсү келген ата-эне, туугандардын талабы адаттагыдан жогору болот.

Кайнаганын кыжырына тийип албоо, кайнененин көңүлүн табуу боюнча эрежелерди этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Келбет жана кийим

Адам табиятында башка адамга алгач сыртынан карап баа берет. Кийим-кечеги, чач жасалгасы өтө маанилүү. Андыктан келечектеги кайындар менен таанышууга барганда үстүңүздөгү кийим таза жана тыкан болгону жакшы. Келечектеги келин арыдан-бери боенуп, ал эми күйөө бала атырды ченеп себингени туура.

Сөз талашпа

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөнү жок сигнал берип ачууга алдырба. Айдоочулук этикет
Канчалык чечен жана тамашакөй экениңизге карабай, алгачкы жолугушууда токтоолук биринчи орунда болушу керек. Улуулардан сөз талашып, ээ-жаа бербей сүйлөө одоно көрүнөт.  Ошондой эле тамашалашууда этият болуңуз. Кимдир бирөөлөр сиздин сөздү туура эмес кабыл алышы мүмкүн. Негизи эле алгачкы жолугушууда сыр бербей, зымпыйып отурган жакшы. Дегеним, өтө ачылып кетпеңиз, бирок ошол эле учурда таптакыр эле үндөбөй калбаңыз.

Үй-бүлө сыры

Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн эрежелери, шарттары, жабык темалары бар. Жабык тема дегеним, ар кандай себептерден улам кайсы бир адам же окуя тууралуу сөз кылууну каалашпайт. Андай нерселер болсо, кийин жаман абалда калгандан көрө эртерээк билип алган жакшы.

Ата-энесинин көзүнчө төгүйүңдү мактап кой

Ар бир ата-энеге анын баласын же кызын өмүрлүк жары сыйлап, кубаттап турганы майдай жагат. Андыктан кези келген жерден анын жакшы сапаттарын айтып, мактап коюу ашыкча болбойт.

Белек

Кыз киши дагы, жигит дагы келечектеги кайын журтуна бара жатканда куру кол барбай, дасторконго бир нерсе көтөрүп алганы туура. Муну үй ээлери камкордук катары кабыл алып, оң баа беришет.

Ата-бабаңды бил

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жигитине көз артпа. Курбу кыздар ортосундагы этикет
Үй-бүлөнүн жаңы мүчөсүнө, өзгөчө эркек балага сөзсүз түрдө ата-теги, туулган жери тууралуу суроо берилет. Демек, тууган-урук жөнүндө керектүү маалыматтарды билип алган жакшы. Ал эми кыз киши келечектеги кайната, кайнене жана улуу бир туугандардын аты-жөнүн тактап алсын. Себеби кыргызда тергөө салты бар. Дастаркон үстүндө отурганда "балп" этип кайнатанын атын айтып алганыңызды элестетиңиз. Көбүнө ыңгайсыз болот.

Сүрдөбө

Жаңы адамдар менен таанышканда сүрдөмөй адатыңыз болсо, алдын ала дайынданып,  алаңдап калбай, токтоо жүргөнгө аракет кылыңыз. Сүрдөп кетип олдоксон кыймылдап же бир нерсени туура эмес сүйлөп алсаңыз, жаңы туугандар муну тарбиянын жоктугу катары кабыл алышы толук мүмкүн.

Кыстырма

Баса, дагы бир маанилүү эреже бар. Ата-эненин көзүнчө жаш үй-бүлө бири-бирине сүйүү сезимдерин билдирип же тескерисинче, урушуп-талашып кеткени туура эмес. Ошондой эле эки кишинин ортосундагы жеке маселелерди эң жакын делген кишилердин жанында да сүйлөшпөй эле койгон оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0