Күйөөм сүйгөн аялга теңеле албай койдум. Жан дүйнөсү кыйналган келиндин каты

© AP Photo / Rich FuryКыска юбка кийген кыз. Архив
Кыска юбка кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсүн "мени сүйбөйт" деп кыйналган келиндин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Мага тез арада жардам керек. Акыркы кезде өзүмдү аябай начар сезип жүрөм. Абалымды башынан түшүндүрүп берейин.

Жети жыл мурда турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди сүйүп-күйбөй  эле үйлөндүк.  Тагдырыбызды ата-энебиз чечип койгон. Мен университетти бүтүп, жумуш жок болгондуктан үйдө отуруп калдым. Бир күнү атам  ишинен сыйлык алып, кесиптештери куттуктап келишти. Арасында бир байке "мага келин бол" деп улам-улам тамашалап жаткан. Көп өтпөй эле апам баягы байке жубайы менен (азыркы кайненем) куда түшкөнү келерин айтты. Баласынын сүрөтүн көрсөткөндө дароо  эле жакты. Анын үстүнө ошол кезде эки курбум катары менен турмуша чыгып, мен да ошолордой болгум келгенби, айтор каршы болгон жокмун.

Суунун боюнда отурган түгөйлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Камкор кайнагамды жактырып калдым. Келиндин каты
Эки-үч күндөн кийин келечектеги жолдошум Медер телефон чалды. Экөөбүз жолугуп, шаарды аралап көпкө сейилдедик.  Азыр ойлосом, аны ата-энеси эчак макул кылып, үйлөнө турган кызың, тилин тап деп жиберген окшойт. Ортобузда эч кандай түшүнбөстүк, бой көтөрүү болгон жок, дароо эле эски тааныштардай жакындап кеттик. Бат эле тойдун күнү белгиленип, эсимди жыйгыча атамдын кесиптешине келин болуп калдым. Ошентип үй-бүлөлүк турмушубуз башталды. Медер камкор, көңүлүмдү оорутпаган, мүнөзү жумшак күйөө болуп чыкты. Кыскасы, баары ойдогудай.

Бир күнү досу туулган күнүнө чакырып, ресторанга кирип бара жатсак, алдыбыздан жакшынакай бир кыз чыкты. Ошол мүнөттөрдөн баштап менин жашоом түп-тамырынан өзгөрдү. Медер экөө бири-бирин карап, жүздөрү албырып, күйөөмдүн мени кармап турган колдору калтырап чыкты. Экөөбүздү чогуу көрүп калганына өкүнгөн сыяктуу Медер бушайман боло түштү окшойт. Тиги кыздан көзүн ала албайт. Кыскасы, ошол жерде экөөнүн бири-бирине сезимдери бар экенин сокур киши деле сезмек.

Кечеде ал кыз биз менен болду. Мен ичкеним ирим, жегеним желим болуп отурдум. Досубуздун аялынан сурасам, Медер аны менен мага үйлөнгөнгө чейин эки жыл сүйлөшүптүр. Үйлөнбөй калганынын бир гана себеби — анын мурда күйөөдөн чыкканы тоскоол болуптур.  Айтор кайната, кайненем жубан алып бербейбиз деген окшойт. Мени кыйнаганы — Медер мага канчалык жакшы мамиле кылса дагы, ошол ресторан алдында ал кызды ошол ирмемде тиктегендей мени бир да жолу караган эмес.  Ал бир башкача көз караш эле...

Азыр Медер экөөбүздүн үй-жайыбыз, эки балабыз бар, жашообуз өз нугунда өтүп атат. Эң кызыгы, баягы кыз дагы деле "жаныбызда". Медер менен чогуу иштейт. Турмушка чыгып, балалуу болуптур. Бирок менин жүрөгүм такыр тынчыбайт. Күйөөм экөөнүн ортосунда "байланыш" бары-жогун так билбейм, күйөөмдөн ачык сурай дагы албайм.

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөмө бой сала албай койдум... Ата-энеси кудалашкан жерге барган келиндин каты
Акыркы 2-3 жылда өзүмдү унутуп коюп эле анын жашоосу менен жашап алдым окшойт. Facebook, Instagram  баракчасына күнүгө 3-4 жолу кирем. Жазгандарым окуйм, сүрөттөрүн карайм. Ага окшошкум келе берет. Ага эмне кийсе дагы жарашкандай сезилет. Өткөн айда аны туурап чачымды карэ кылып кестирип салдым. Бирок күйөөм ушул убакка чейин бир дагы жолу аны карагандай мени карай элек. Кээде жолдошума таарынам, башка аялды сүйсө мага эмнеге үйлөндү? Ажырашса эмне экен, ошонусу үчүн эле ата-энесинин сөзүнөн чыга албай койдубу? Анча болду, мага үйлөнгөндөн кийин эмнеге мени анчалык сүйө албайт?

Перизат Калмаматова, психолог:

— Урматтуу автор, сиздин катыңызды окуп отуруп, бир жыйынтыкка келдим. Өзүңүзгө болгон сүйүүңүз, сый-урматыңыз жоголуп кеткендей көрүнөт. Эсиңизде болсун, адам алгач өзүн-өзү сүйүп, гармонияда болмоюнча эч ким аны сүйүп, бактылуу кыла албайт.

Биринчиден, сиз жети жыл мурда болгон окуяга байланып алыптырсыз. Жолдошуңуздун ошондогу башка кызга көз карашын сүйүү деп баалап жатасыз. Муну башкача өңүттө ойлонуп көрсөңүз, эки жыл сүйлөшүп жүргөн адамды күтүүсүз жолуктуруп калганда, ага ушул тапта жалындаган сезими болбосо деле сүрдөп кетиши мүмкүн. Балким күйөөңүз ал кыздан эмес, мурдагы сүйгөнүн жолуктуруп калганда, сизден сүрдөп, ыңгайсыз болгондур. Ушул  жагын дагы ойлонуп көрүңүз.

Письмо психологу - Sputnik Кыргызстан
Небере күтүп калган кезде күйөөм жаш келинге кетип калды. Аялдын каты
Экинчиден, жолдошуңуз сизди тандап, сиз менен жашап келе жаткандан кийин эмне себептен башка аялды сүйөт деп бекем ишенип алдыңыз? Жети жылдык үй-бүлөлүк жашоону сүйүү деп эсептебей, бир эле жолку көз карашты сүйүү деп баалоо туурабы? Менимче, бул тууралуу жолдошуңуз менен ачык сүйлөшкөнүңүз жакшы. 

Үчүнчүдөн, сиз ал аялды идеал тутуп алыптырсыз. Сиздин аракетиңиз психологияда бирөөнү тууроо деп аталат. Идеал туткан адамдын үлгү ала турган жактарын тууроо жаман эмес. Бирок сиз өзүңүз айткандай, анын жашоосу менен жашагыңыз келет. Ошол эле учурда ар бир аял кишинин өзүнүн өзгөчөлүгү болорун унутпаңыз. Жети жылдан бери сиз менен жашап жүргөн соң жолдошуңузга так сиздин келбетиңиз, образыңыз, чач жасалгаңыз жагаттыр. Эмнеси болсо дагы кыйналбай, аны менен ачык сүйлөшүп көрүңүз. Эгер сүйлөшүүгө даабасаңыз, психологго барганыңыз туура.

Жаңылыктар түрмөгү
0