11:01 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Суу алып жаткан кыз. Архив

Бишкекте 15-ноябрдан тарта суунун тарифи канча сомго кымбаттай турганы айтылды

© AFP 2019 / FRANCK FIFE
Коом
Кыскача шилтеме алуу
265 0 0

Бийлик "демократиялык тарифтик саясатты" өзгөртүү менен карыздардан кутулуп, оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте 15-ноябрдан тарта муздак суу менен канализацияны колдонуу тарифи жогорулайт.

Тийиштүү токтомду Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Ал эми сунушту "Бишкек суу каналы" берген.

Ага ылайык, 1000 литр муздак суунун тарифи калк үчүн 8,10 сомго, ал эми канализацияны колдонуу — 2,30 сомго жогорулайт. Бюджеттик уюмдар үчүн таза суу 9,10 сомго, канализация 3 сомго көтөрүлөт. Башка колдонуучулар муздак суу үчүн 13 сом, канализация үчүн 6 сом төлөйт.

"Бүгүнкү күндө 1000 литр муздак суу үчүн жарандар 5,3 сомдон төлөшөт. Бирок суунун бул көлөмдөгү өздүк баасы 8 сомду түзөт. Ал эми канализация үчүн жарандар 1,20 сомдон төлөшсө, өздүк баасы 3 сомго чыгып кетип жатат", — дешти мэриядан.

Муниципалитет акыркы кезде "Бишкек суу канал" ишканасы чыгым тартып жатканын белгиледи. Маалыматка караганда, аталган ишкана 2017-жылы 94,2 миллион сом, 2018-жылы 89,8 миллион сом чыгым тарткан.

Тема боюнча

Нан, ичеги-карын, презерватив... Бишкектиктер унитазга эмне ыргытып кыйнайт?
Белгилер:
канализация, муздак суу, Бишкексууканал, Бишкек мэриясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ