Депутат "Коопсуз шаар" долбоорундагы алешемдиктерди санап берди

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат долбоорду ишке ашыруунун экинчи этабына катышкан кытай компаниясы мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды бузганын белгиледи.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жалпы жыйынында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун биринчи жана экинчи этаптарында көз көрүнөө мыйзам бузулган деп айтты.

Момбеков "Коопсуз шаар" долбоору башталганда аны аябай мактагандар болгонуна токтолду.

"Президенттин өлкөнү санариптештирүү талабы менен өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырган. Аны апендинин кызындай макташкан. Эки күн мурда биздин комитетте (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш) бюджет каралды. Анда финансы министринин орун басары быйыл "Коопсуз шаар" долбоорунан түшө турчу акчанын көлөмү 1 миллиард 200 миллион сом болсо, 9 айдын ичинде 300 миллион топтолгонун айтты. Бул долбоордун каражат жагынан "капут" болгонун билгизет", — деди Момбеков.

Ал ошондой эле долбоордун башка кемчиликтерин дагы санады.

Запуск проекта Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" камералары дагы кайсы көчөлөргө коюлат? Тизме
"Жеңиш Разаковдун берген маалыматы боюнча, долбоор ишке киргенден бери жол кырсыктары 3542ге, тагыраагы, 15 пайызга көбөйгөн. Биринчи этабы банкрот болду десек болот. Экинчи этабы тууралуу эки ооз сөз айтайын, тендери теңирден тескери кетти. Ошондой маалыматтар менде бар. УКМКга, Башкы прокуратурага кайрылдым. Эмне үчүн УКМК унчукпай, Башкы прокуратура баштабай отурат, таң калып жатам", — деди ал.

Депутат долбоорду ишке ашыруунун экинчи этабына катышкан кытай компаниясы мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды бузган деген пикирин билдирди. Анын айтымында, депозит банк аркылуу которулушу кажет, бирок кытай компаниясы аны накталай берген.

"Тендерге катышкан кытай компаниясы атаандаштарынан 52 миллион сом ашык берип жатат. Бергенде дагы накталай берип жатат. Көз көрүнөө мыйзам бузулган. Экинчиден, утуп алган компаниянын беш жылдык тажрыйбасы болушу керек. Булардын андайы жок, лицензиясы жок, келе турчу жабдуулары стандарттан өткөн эмес. Ушундай толгон-токой мыйзам бузуулар болуп турса дагы тендердин жеңүүчүсү кылып аныктап коюшту", — деп эл өкүлү нааразы болду.

Запуск проекта ГЧП Безопасный город - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Чүй менен Бишкекте "Коопсуз шаардын" 14 камерасы талкаланды
"Коопсуз шаардын" негизги максаты коопсуздук болгонун эске салган депутат Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтары экинчи жакка кетип калып жатканын айтты.

Момбеков төрага Дастан Жумабековго кайрылып, протоколдук тапшырма менен тармактык комитетте жумушчу топ түзүп, алар "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи, экинчи этаптарын карап чыгышы керектигин сунуштады. Буга жооп кылган Жумабеков тийиштүү комитеттерге протоколдук тапшырмалар жөнөтүлө турганын айтты.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы жеңип алган. Аталган компаниянын тарых-таржымалын окуп коюңуз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0