Эртең Бишкектин 40 көчөсүндө жарык өчүрүлөт. График

Жазылуу
Бишкектин борборунда жана жака белинде "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери оңдоо жана профилактикалык иштерди жүргүзөт.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Эртең, 24-октябрда, Бишкектин айрым аймактарына электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Электр кубаты өчө турган көчөлөрдүн тизмеси жана убактысы:

  • 09:00-13:00 — Арча-Бешик конушу (Ак-Марал, Жазыйра, Чортеков, Кривоносов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү);
  • 09:00-17:00 — Токтоналиев көчөсүнүн №80 үйүндө жана Токтогул көч. №86/1 үйүндө;
  • 09:00-18:00 —  Гагарин, Абдыкадыров, Матыев, Асаналиев, Остров, Кочкор, Чукотка көчөлөрүнүн тилкелеринде жана Лагерь тар көчөсүндө;
  • 09:30-12:00 — Горький, Карасаев, Беларусь, Юнусалиев көчөлөрү, Майкопский тар көчөсү;
  • 09:30-17:00 — Койбагаров, Токтогул, Тимирязев көчөлөрү жана Ак-Буура тар көчөсү;
  • 09:30-18:00 — Логвиненко, Москва, Орозбеков, Раззаков, Киев, Исанов, Коёнкөзов, Манас көчөлөрүндө;
  • 09:30-19:00 — Будённый, Жибек-Жолу, Весёлая, Муса Жалил, Керамика, Широкий көчөлөрү;
  • 10:00-18:00 — Ак-Бата, Ак-Тилек-2 конуштары;
  • 11:00-14:00 — Кара-Жыгач конушунун Оберон, Бегматов, Шаты көчөлөрү;
  • 14:00-17:00 — Орто-Сай айылынын Лесхоз көчөсү.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0