Баш сасык тумоого кабылгандай эле ооруйт. Нейрохирург Мамытов мээ рагы тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук госпиталдын нейрохирургу, профессор Миталип Мамытов. Архив
Улуттук госпиталдын нейрохирургу, профессор Миталип Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дарбыздын же коондун уругу каякта жайгашарын элестетип жатасызбы. Мээдеги шишик дагы урук турган жакта же андан дагы ылдый болуп калат. Соо мээни эле кескенге туура келет. Бул өтө кооптуу" дейт белгилүү нейрохирург Миталип Мамытов.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Улуттук госпиталдын нейрохирургу, профессор Миталип Мамытов менен маек куруп, мээ рагынын белгилери, себептери жана аны айыктыруу жолдору тууралуу сураштырды.

— Мээнин рагынын келип чыгышына эмне себеп болот? 

— Бул олуттуу дарт. Аны менен жабыркагандар оор акыбалда болушат. Рактын айрым түрлөрүнүн себебин билүүгө болот. Мисалы, өпкөнүн шишиги тамеки чеккенден, ашказандын рагы арак ичкенден деп бирден-бир себептерин айтсак болот. Бирок мээ рагынын себептери дүйнө жүзү боюнча белгисиз. Айрым гана божомолдор бар.

Мээде гиперплазия процесси болот. Жалпак тил менен айтканда, андагы клетка биологиялык мыйзамдарга баш ийбей, өз алдынча көбөйүп баштайт. Алар рак клеткалары деп аталып, шишикке айланат. Клеткалардын  ашыкча көбөйүп кетишине түрдүү нерселер таасир этет. Ага, мисалы, мээнин жаракатка кабылышы, радиация, гормоналдык өзгөрүүлөр, химиялык заттар, организмдин ички жана сырткы нерселерге дүүлүгүшү себеп. Ошондой эле дарт тукум кууйт жана тубаса дагы болуп саналат.

© Sputnik / Гульдана ТалантебковаУлуттук госпиталдын нейрохирургу, профессор Миталип Мамытов
Баш сасык тумоого кабылгандай эле ооруйт. Нейрохирург Мамытов мээ рагы тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталдын нейрохирургу, профессор Миталип Мамытов

— Оорунун белгилерин айта кетсеңиз?

— Оорунун жалпы симптомдорунда баш ооруйт, куску келет, талма кармайт, көздүн көрүүсү начарлайт, кулк-мүнөз өзгөрүп, оорулуунун сиркеси суу көтөрбөй, сабыры түгөнөт. Мээнин ар бир бөлүгү түрдүү кызматтарды аткарат. Ошол себептен шишик мээнин кайсы жагында жайгашканына жана оорунун белгилери түрдүүчө болуп турат. Мисалы, кээ бирөөндө биринчи көздүн көрүүсү начарлайт же башы ооруп, кускусу келет. Баш ооруп сасык тумоого, менингитке же башка ооруга кабылгандай туюлушу ыктымал. Эч ким ракка кабылдым деп ойлобойт.

— Мээ рагынын түрлөрүнө токтоло кетсеңиз?

Пластический хирург Айнура Сарыбаева - Sputnik Кыргызстан
Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны
— Биз мээдеги шишиктин бардыгын рак деп кабыл албашыбыз керек. Маселен, мээнин чел кабыгына чыккан шишиктер болот, аны операция менен алып коюшат. Буларга киста, менингиома, аденома гипофизи дегендер кирет. Бирок булар дарыланбаса бара-бара ракка айланып кетет. Коркунучтуулары мээнин ичине чыккан, залалдуу, акыркы стадияга жетип калган шишиктер. Алар глиоблостома, медуллобластома жана ганглиоцитома деп аталат.

— Дарылоо жолдору кандай?

— Шишиктин рак эмес түрүндө аны операция жолу менен алып коёбуз. Рак учурунда шишикти алуу кыйын. Операцияда көзгө көрүнүп турган шишикти алабыз. Бирок айрым учурда анын тамыры алыс кетип, толук ала албай калабыз. Соо мээни чукуп, кескилөө кооптуу. Бейтаптар операциядан кийин эки ай же жарым жылдан кийин кайра текшерилет. Ошондо айрымдарыныкы өсүп кеткен болот. Мындан тышкары, химия жана нур терапиясын алышат. 

— Дарылоо такыр эле жардам бербей калган учурлар болобу?

— Оорунун акыркы стадияларына жетип калганда жашап кетүү мүмкүнчүлүгү төмөн экендиги маалым. Андайда дарылануу натыйжасыз болуп калат. Бул оору өлүмгө чейин алып барат. Себеби шишик мээни кысып, мээ өзүн көтөрө албай калат. Таң калычтуусу, айрым учурда кыйналбай, жакшынакай жүрүп эле оорусу төртүнчү стадияга жетип калгандар болот. Ошол эле учурда шишиги олуттуу эместер оор акыбалда түшүп калган учурлар кездешет. Бардыгы оорунун түрүнө жараша.

© Sputnik / Гульдана ТалантебковаМамытов: мээ рагынын жалпы симптомдорунда баш ооруйт, жүрөк айланат, талма кармайт, көздүн көрүүсү начарлайт, кулк-мүнөз өзгөрүп, оорулуунун сиркеси суу көтөрбөй, сабыры түгөнөт.
Баш сасык тумоого кабылгандай эле ооруйт. Нейрохирург Мамытов мээ рагы тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Мамытов: мээ рагынын жалпы симптомдорунда баш ооруйт, жүрөк айланат, талма кармайт, көздүн көрүүсү начарлайт, кулк-мүнөз өзгөрүп, оорулуунун сиркеси суу көтөрбөй, сабыры түгөнөт.

— Акыркы жылдары мээ рагына кабылгандардын статистикасы кандай болууда?

— Барган сайын көбөйүүдө. Анын себеби бизде диагноз коюу жакшырды. Заманбап жабдыктар алынып келинүүдө. Медицина кызматкерлеринин дагы ой жүгүртүүсү өстү. Онколог болбосо деле башка адис бейтаптын каякка барып көрүнүшүн айтып бере алат. Интернет, телевизор аркылуу элде маалымат алуу дагы көбөйдү.

Врач Дуйшенбек Сыргаев - Sputnik Кыргызстан
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек
Бейтапканага жыл сайын 500дөй адам мээ рагы менен кайрылат. Алардын 85 пайызына операция жасалат, калган 15 пайызын дарты өтүшүп кеткен бейтаптар түзөт. Эгер дүйнө жүзүндөгү статистиканы карай турган болсок, 100 миң кишиге ракка кабылган 5-7 адам туура келет. Рактын башка түрлөрүнө салыштырмалуу мээнин шишигине азыраак кабылышат.

— Мээ рагына аялдар көп кабылабы же эркектерби?

— Жыныс боюнча эмес жаш курак, шишиктин түрлөрү боюнча айырмачылыктар бар. Жаш балдар көбүнчө тубаса жана тукумдан өткөн шишиктерге кабылат. Алардыкы көбүнчө залалдуу эмес шишиктер. Жашы өткөндөр рак менен көп жабыркайт.

— Мээдеги шишикти алуу операциясы кымбатпы?

— Чет мамлекетте 5 миң доллардан 100 миң долларга чейин. Бизде бир операцияга 12-15 миң сом кетет.

— Чет мамлекетте кандай ыкмалар менен айыктырышат?

— Гамма жана кибер бычак менен шишикти алышат.  Булар лазердик бычактар. Кыргызстанда дагы заманбап ыкмалар колдонулса деген тилегибиз күч. Биз бул маселени бийликке жеткиргенге дайыма аракет кылып келебиз.

© Sputnik / Гульдана ТалантебковаМамытов: бейтапканага жыл сайын 500дөй адам мээ рагы менен кайрылат. Алардын 85 пайызына операция жасалат, калган 15 пайызын дарты өтүшүп кеткен бейтаптар түзөт.
Баш сасык тумоого кабылгандай эле ооруйт. Нейрохирург Мамытов мээ рагы тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Мамытов: бейтапканага жыл сайын 500дөй адам мээ рагы менен кайрылат. Алардын 85 пайызына операция жасалат, калган 15 пайызын дарты өтүшүп кеткен бейтаптар түзөт.

— Сиздер операциядан кийин шишиктерди көрсөңүздөр керек. Алардын катуулугу кандай болот?

— Шишиктин рак эмес түрлөрү катуураак болот. Ракка айланып кеткендер жумшак болуп, мээден айырмаланбай калат.

— Шишик мээ менен мээ болуп калабы?

Биз ракка каршыбыз коомдук фондусунун жетекчиси, рак оорусун жеңген Гүлмира АбдразаковаБиз ракка каршыбыз коомдук фондусунун жетекчиси, рак оорусун жеңген Гүлмира Абдразакова - Sputnik Кыргызстан
Ракка кабылган Гүлмира: оорумду укканда күйөөмө аял издей баштадым
— Эң кыйын маселени айтып жатасыз. Аппараттан баштагы шишиктер көрүнөт. Операция кылып жатканда аны биз көз менен көрө албай калабыз. Тышынан караганда мээден түсү, көрүнүшү, жумшактыгы боюнча айырмаланбайт. Көп шишиктерди мээ ичине катып алат. Ага жетүү үчүн чукуп, кесүү керек. Дарбыздын же коондун уругун элестетип жатасызбы. Шишик дагы урук турган жакта же андан да ылдый болуп калат. Соо мээни эле кескенге туура келет. Алма же дарбыз чиригенде бузулганы билинип калат го, шишик дагы кээде ошол сыяктуу көрүнүп калат. Андай учурда бизге айырмалоо жеңил.

— Операциядан кийин адамдын психикасына доо кетсе керек деп ойлойм, анткени мээ кесилип жатпайбы...

— Шишик болгону менен ал адамга кызмат кылып турат. Аны алып салганда кыймылдап жаткан кол, көрүп жаткан көз, сүйлөп жаткан адам сүйлөбөй калышы ыктымал, бирок аны албай дагы коё албайсыз. Мындай көйгөйлөр айрым гана учурда болот.

— Бул оорудан оолак болуу үчүн эмне кылуу керек?

— Башка илдеттерде кеңештер абдан туура келиши мүмкүн. Бул жакта айтуу кыйын. Жалпысынан дени сак жашоону сактоо керек. Туура тамактанып, спорт менен машыгып, убагында эс алып, жаман адаттардан алыс болуп, арак, чылымдан баш тарткан туура. Анан көп оорунун башаты стресс,  депрессия. Алар дагы рак клеткаларын козгоп жибериши мүмкүн. Учурда биздин жашообуз техникага байланып калды. Уюлдук телефон, телевизор, компьютер жана башкалардын электромагниттик нурлануулар терс таасирин тийгизбей койбойт. Мүмкүн болсо аларды муктаждыкка жараша колдонсок.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0