Миңден ашуун атчан! Рамзан Кадыров Россиянын рекорддор китебине кирди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЧеченстандын башчысы Рамзан Кадыров. Архив
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда рекорд койгонун далилдеген сертификат 22-октябрда Чеченстандын спорт министри Муса Ханариковго тапшырылган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров эң көп сандагы атчандарды чогултуп, Россиянын рекорддор китебине кирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, сертификат кечээ, 22-октябрда, аталган китептин 7 жылдыгына карата өткөн иш-чарада Чеченстандын спорт министри Муса Ханариковго тапшырылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kadyrov_95 (@kadyrov._95)

"Чеченстандын президенти Россиянын субъектисинин башчысы катары бир жылда алты жолу рекорддук сандагы атчандарды чогулта алды", — деп айткан Россиянын рекорддор китебинин башкы редактору Станислав Коненко.

Ушул жылдын апрель айында Россиянын рекорддор китеби Рамзан Кадыров жол баштаган 1200дөн ашуун чабандестин атчан жүрүшкө улуттук кийимчен чыгып рекорд койгонун каттаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0