Ош шаарында 400дөн ашуун үй-бүлө жашаган конушка таза суу берилет

© AFP / FRANCK FIFE Стаканга суу алып жаткан кыз. Архив
Стаканга суу алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа тургундарын таза суу менен камсыздоо долбоору жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жатат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ош шаарына караштуу 222-223-кварталынын тургундарын таза суу менен камсыздоо үчүн суу түтүктөрү коюлууда. Бул туурасында аталган мэриядан билдиришти. 

Бул аймакта 400дөн ашуун үй-бүлө жашайт. Аларга таза сууну 4,5 чакырым алыстыктан, атап айтканда, Кара-Суу районунун Беш-Мойнок участкасынан алып келинет.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шумкарбек Пайзиев ушул жылдын декабрь айына чейин жумуштар соңуна чыгарын белгиледи.

"Таза суу курулуп жаткан мектептин жана пландалып жаткан бала бакчанын ордуна чейин жеткирилет. Мындан тышкары, эки конуштун башына экиден төрт жерге суу чыгарылып, сыйымдуулугу 50 метр кубду түзгөн суу кампасы курулат. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен алты миллион сомдон ашыгыраак каражат бөлүнгөн. Жалпы кварталдардын ичине да суу тартуу боюнча долбоор даярдалууда", — деди Пайзиев.

Быйылкы жылы аталган кварталдарга таза суу жеткирүү боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов капиталдык курулуш башкармалыгына тапшырма берген. Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0