07:00 18 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Борбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги. Архив

Чокморовдун Бишкектеги эстелиги жаңысына алмаштырылат. Сүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
19310

Болжол менен бир айдан кийин борбор калаада турган таланттуу инсан Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылмакчы. Азыркы турган эстеликке элдин көбү нааразы болгон.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Борбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Памятника народному артисту Суймонкулу Чокморову на пересечении проспекта Чуй и улицы Тыныстанова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылат

Постамент Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине 2017-жылы коюлган. Скульптор Алмаз Кожегуловдун колунан чыккан эмгек коомчулуктун көбүнө жаккан эмес, ал тургай бир катарлары Чокморовдун элеси таптакыр башкача болуп калгандыгын айтышкан.

Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонду эстеликти чыгармачыл тажрыйба катары кароого аргасыз болуп, актердун жаңы айкелин жасоого башка скульпторлорду караштыра баштаган.

Памятник народному артисту СССР, актеру и художнику Суймонкулу Чокморову скульптора Азамата Абдрахманова и архитектора Нурсейита Мамбетказиева
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Жаңы эстеликти скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады

Жаңы эстеликти скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады.

Сүймөнкүл Чокморовдун кезектеги эстелиги 17-ноябрда кыргыз киносунун күнүнө карата орнотулат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Ат чаап, жайлоодо эс алган Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттө калган ирмемдери
Белгилер:
эстелик, Сүймөнкул Чокморов, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ