Эл арасынан тергөөчү издейбиз! Бишкек милициясы сынак жарыялады

Жазылуу
Талапкердин аскердик билети же запастагы офицер чини болушу шарт.  Мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгы да негизги талаптардан. 

 

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө тергөөчүлөрдү жана кылмыштарга алгачкы текшерүүнү жүргүзүүчү адистерди тандап алуу боюнча сынак жарыяланды. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Сынакка органда иштебеген жарандар дагы катыша алат.

Талаптар:

  • Кыргызстандын жараны болушу керек;
  • юридикалык жогорку билими болушу керек;
  • жаш курагы 19дан 35ке чейин болушу шарт;
  • Ошондой эле талапкердин аскердик билети же запастагы офицер чини болушу шарт. Анан албетте, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы да негизги талаптардын бири. 

Керектүү документтер:

  • паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (никеде турган болсо);
  • балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (балдары болсо);
  • аскердик билет (аялдар милдеттүү эмес);
  • дипломдун нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • кошуналардан мүнөздөмө (3 даана).
  • кызматтык мүнөздөмө;
  • жашаган жеринин аймактык милициясынан маалымкат;
  • жашаган аймагы боюнча Криминалдык милиция кызматынан маалымкат;
  • 9х12 форматындагы  бир, 3х4 форматындагы эки сүрөт.

Кызыктырган суроолор боюнча 0 (312) 48-62-92 номерине байланышып,  guvdbishkek312@gmail.com электрондук почтасына маалымат жөнөтсөңүз болот.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0