Бишкектин айрым жерлеринде бир күн кечке суу болбойт. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовТаза суу. Архив
Таза суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суунун убактылуу, тагыраагы, сегиз саатка чейин жок болушунун себеби — оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Мэрия шаардыктарды суу камдап алууга чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 24-октябрда, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ала-Тоо-1 менен Ала-Тоо-2 конуштарында таза суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Суунун убактылуу, тагыраагы, сегиз саатка чейин жок болушунун себеби оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экендиги айтылды.

Ага ылайык, таза суу Ара-Кол, Батыш, Улук-Тоо, Дмитров, Кызыл-Тоо көчөлөрүндө жок болот. Андан сырткары:

  • № 82 мектепте;
  • №43 бала бакчада;
  • №14 милициянын аймактык пунктунда.

Суу убактылуу токтотулган мектептер менен бала бакчалар бул күнү иштебейт.

Мэрия шаардыктарды суу камдап алууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0