Министрлик: педагогикалык билими жок мугалимдердин дагы айлыгы жогорулады

Жазылуу
Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, бардык эле мугалимдердин профилдик педагогикалык билими боло бербейт. Бирок алардын дагы айлыгы көтөрүлөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Педагогикалык билими бар-жогуна карабастан бардык мугалимдердин айлыгы 30 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

"Мугалимдин статусу" жөнүндөгү мыйзамга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, мектепте профилдик педагогикалык билими бар адис иштей алат. Анткен менен республикада мугалимдердин 2,5 пайызы жогорудагы талапка жооп бербейт. Бирок алардын кайсы бир кесип боюнча орто же жогорку билими бар.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиционерлердин айлыгы качан жана канчага көбөйөрү айтылды
Окуу сааттарынын баасы азыр деле жогорку педагогикалык билими барлар менен орто кесиптик билими барлардыкы менен бирдей.

Министрликтен белгилешкендей, айлык көтөрүлгөндөн кийин деле кошумча төлөнчү каражаттар сакталып калат (тоолуу аймактарда жашагандар, ж.б.).

1-октябрдан тарта 120 миңден ашык мугалимдин айлыгы 30 пайызга жогорулады. Алар мурдагыга салыштырмалуу канча айлык алып жатканын инфографикадан караңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0