Сак болуңуз! ӨКМ айдоочуларга эскертүү берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарга жолго чыгып жаткан айдоочуларга бир нече сунуш берди.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Аба ырайы сууктап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Андыктан тоолуу аймактарга жолго чыгып жаткан айдоочулар төмөнкү сунуштарды эске алуусу керек:

  • ӨКМдин Гидрометеорология агенттигинин аба ырайы жөнүндө маалыматын эске алуу;
  • Тоолуу аймактардагы жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
  • Унааларга кышкы дөңгөлөктөрдү салуу;
  • Аптечка, чынжыр жана чакан күрөк алып алуу.

Ошондой эле өзгөчө кырдаал болгон учурда 112 акысыз номерине чалыңыз.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0