08:56 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
Тез жардам унаасы. Архив

Бишкек мэриясы алты тез жардам унаасын сатып алды

© Sputnik / Наталья Селиверстова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
61 0 0

Мэриянын саламаттык сактоо башкармалыгы август айында жарыялаган тендерди "АБМ Авто" компаниясы утуп алган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы алты тез жардам унаасы менен сүт азыктарын ташый турган эки автоунаа сатып алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мэриянын саламаттык сактоо башкармалыгы август айында жарыялаган тендерди "АБМ Авто" компаниясы утуп алган. Келишим боюнча аталган компания А классындагы алты тез жардам унаасын 10 миллион 980 миң сомго алып келиши кажет.

"Машиналар жакын арада алып келинип, жыл аягына чейин башкармалыктын балансына берилет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сүт азыктарын ташуу үчүн адистештирилген автоунааларды алуу боюнча конкурсту утуп алган Aman Road компаниясы ноябрдын аягына дейре 2 миллион 600 миң сомго эки машинаны алып келиши кажет.

Бишкек мэриясынын билдиришинче, муниципалитеттин балансында 93 тез жардам унаасы бар. Алардын 44ү калкка кызмат кылса, калгандары иштебейт. Ал эми төрт автоунаа сүт азыктарын ташыйт.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Кийинки жылы Бишкекте дагы эки парк ачылат. Эскиздер
Белгилер:
унаа, тез жардам, тендер, Бишкек мэриясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ