Калыс-Ордодо жер басып алуу аракети: шектүү 2 айга камалды

Жазылуу
Мэрия эгерде муниципалдык жерге көз артып, мыйзамга каршы барып, басып алууга аракет кылгандар болсо катуу чаралар көрүлөрүн эскерткен.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбор калаанын жака-белинде Калыс-Ордо жаңы конушундагы жерди басып алууга аракет кылгандардын бири кармалып, шаардагы №1 Тергөө абагына отургузулду. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Кеп мындан бир нече күн мурда, 15-октябрда болгон окуя туурасында жүрүп жатат. Анда жүзгө чукул адам Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жаңы конушундагы жер тилкесин басып алууга далалат кылган. Бул окуя туурасында Бишкек мэриясына бишкектик аял арыз менен кайрылган. Милиция 23 адамды кармап, сурактан кийин кое берген.

"Биринчи май райондук соту №1 Тергөө абагына жерди басып алууга шектелип жаткан 36 жаштагы кишини эки айга киргизди", — деп айтылат маалыматта.

Факты окуя болгондо Жазык кодексинин 207-беренеси ("Бөтөн бирөөнүн жерин өз алдынча басып алуу") менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0