05:29 13 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
Манас эпосунун панорамалык музейинин демилгечиси Темирлан Сарлыкбек уулу

Аламүдүн капчыгайына Манастын музейин курабыз. Ишкер Сарлыкбек уулу менен маек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
76110

Аламүдүн капчыгайында "Манас" эпосунун панорамалык музейи ачылат. Ал үч кабат болуп, эң үстүнө 1700 чарчы метрлик сүрөт тартылат. Астына окуяларды чагылдырган 100 сүрөт жана айкелдер коюлат. Мындай заманбап музейди курууга эки миллион доллар жумшалары айтылды.

Алдын ала маалыматта бул долбоор кыргызстандык ишкерлердин каржылык колдоосу менен ишке ашырылары кабарланууда. Аны эки жылдан кийин пайдаланууга берүү пландалган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы долбоордун демилгечиси Темирлан Сарлыкбек уулу менен баарлашып, музей тууралуу кенен маалымат алды. Баса, ал буга чейин жеке демилгеси менен Стамбулдун көрүнүктүү жерине Манастын эстелигин орноткон. Ал эми ишкерлик жаатында соода-сатык жана курулуш тармагы менен эмгектенет.

— Өзүңүз демилгелеп, мамлекетти күтүп отурбай ишкерлерди колдоого чакырып, музей курууга белсенгениңизге эмне түрткү болду?

— Бул идея капыстан эле пайда болуп калган жок. Башка жумуштарыма байланыштуу акыркы 10 жылда көп өлкөнү кыдырдым. Ар бир эл өзүнүн баалуулуктарын музейге сакташат экен. Анан эмнеге "Манас" эпосун музей кылбайбыз деген ой кетти.

Карай келсек, мындай музейдин жок экени кыргыз эли үчүн өтө уят. Биринчиден, кыргыздын тарыхын, маданиятын, улуттук баалуулуктарын таанып, кандай эл экенибизди билиш үчүн керек. Улутубуздун туу чокусу – "Манас" деген болсок, аны толук кандуу билүү шарт. Экинчиден, четтен келген конокторго өзүбүздү таанытышыбыз лаазым. Буга чейин көп китептер чыккан, бирок ал кыргыз тилинде болгондуктан жетишсиз. "Манас" эпосун башка тилге которуу да өтө кыйын. Ал эми сүрөттүн тили бир, ушуну менен дүйнөгө оңой жайылта алабыз.

— Эми музейдин өзүнө токтолсок. Кандай болуп курулат, ичине эмнелер коюлат?

— Жерди Аламүдүн капчыгайындагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Туз айылынан сатып алдык. Курулуш иштери жакын арада башталат. Негизи "Манас" эпосу үчүн аябагандай чоң музей керек эле. Бирок биз шартыбызга карап аянты 3000 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу кылып курууга ниет кылып жатабыз. Биринчи кабаты 150 орунга ылайыкташып, "Манас" угуучу жай, сувенирлерди саткан күркөлөр, экинчисинде классикалык галерея болот да, 100 окуянын сүрөттөрү жана айкелдер коюлат. Анда Алоокенин кыргыз элинин чапканынан баштап, Сейтектин хан көтөрүлгөнү, Семетейдин кайып дүйнөдөн кайтып келгенге чейинки өзөктүү эпизоддору чагылдырылат.

Үчүнчү кабаты купол түрүндө салынып, ичине 1700 чарчы метрлик сүрөт тартылат. Бул дүйнөдөгү эң чоң панорамалык сүрөттөрдүн бири болмокчу. Мындай көлөмдүү сүрөт Орто Азияда, Европада жок, мен көргөн жерлерден Кытай менен Камбоджада бар. Азыркы тапта бул боюнча кыргызстандык жана чет элдик сүрөтчү, айкелчилер иштеп жатат.

Муну менен дүйнөлүк баалуулуктар менен тогошкон окуяларды алып чыгабыз. Баатырдык, мекенди сүйүү, ынтымак, биримдикти ачып беришибиз керек.

Мындай панорама музейлери дүйнөнүн көп жеринде бар. Анын өзгөчөлүгү ичине ири көлөмдөгү сүрөт тартылат. Мисалы, Москвада "Бородино согушу" жөнүндө, Стамбулда Фатих Султан Мехмеддин Стамбулду кантип басып алганы тууралуу, Камбоджанын Ангкор-ват шаарынын курулганы жана кыйраганын камтыган музейлер бар. Эң акыркысы түрк элдери Орто Азиядан Европага кантип көчүп барганы жөнүндө Түркиянын Бурса шаарында ачылды.

Проект музея эпосу Манас в Аламединском ущелье
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Музей Аламүдүн капчыгайындагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Туз айылына жакын жерге курулмакчы. Үч кабаттуу, аянты 3000 чарчы метр болору айтылды.

— Демек, бул дүйнөдөгү чоң музейлердин катарын толуктайт экен да. Аны курууга канча каражат сарпалат?

— Буюрса, бизнесмендердин жана жеке ишканалардын салымы менен баштап жатабыз. Аны бүткөрүү үчүн болжолдуу түрдө эки миллион доллар талап кылынат. Бирок "Манас" эпосу үчүн бул да аз, жанына дагы музейлерди куруш керек.

— Сүрөт, айкелдердин эскизин тандоодо кимдер менен кеңешип жатасыздар?

— Улуттук илимдер академиясында Манас таануу бөлүмүнүн Абдылдажан Акматалиев баштаган кызматкерлери, бир нече манасчылардын айткандарына таянуу менен жасалууда. Сүрөтчүлөр ишин бир жыл мурда баштаган. 10го жакын сүрөт даярдалып, калгандарынын эскиздери тартылууда.

Өзүм да акыркы беш жылдыкта музейлерди изилдөө үчүн Африкадан баштап Америкага чейин 60тай өлкөнүн 100дөн ашуун шаарына барып, 200гө чукул музейди көрүп келдим. Мен сыяктуу чет элден келген коноктор да Кыргызстандын эмнесин көрөбүз деп кызыгышат. Мисалы, жайында Ысык-Көлгө барышат, тоого чыгышат. Ошону менен бирге кыргыздын улуттук баалуулуктарын жетишээрлик деңгээлде көрсөтө албай жатабыз. Бул музей абдан пайдалуу болот деп ойлойм.

Предприниматель, автор проекта музея эпосу Манас Темирлан Сарлыкбек уулу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Бул идея капыстан эле пайда болуп калган жок. Ар бир эл өзүнүн баалуулуктарын музейге сакташат экен. Анан эмнеге "Манас" эпосун музей кылбайбыз деген ой кетти", — дейт Темирлан Сарлыкбек уулу.

— Баарыбыз эле билгендей, Таласта "Манас ордо" комплекси бар эмеспи. Ал жакта Манастын күмбөзү, музейи орун алган. Аны менен байланышы болобу?

— Күмбөз менен музей эки башка. Күмбөз — ыйык жер, музейге "Манас" эпосун чагылдырган чыгармачыл инсандардын эмгектери коюлат. Ачыгын айтканда, Таластагы музей замандын талабына жооп бербейт. Ичинде чоң эпос жөнүндө бир эле сүрөт бар. Ал жер да чоңоюп келечекте жүздөгөн, миңдеген сүрөттөр тартылышы керек.

— Өлкөдөгү ири ишкерлер ресторандарды же соода борборлорун салып жатышат. Албетте, бизнесмендер өзүнүн кирешесин ойлойт эмеспи. Ошол эле учурда мамлекетке да пайда келтирип, улуттук кызыкчылык үчүн бир нерсе куруп, андан да киреше тапса болобу?

— Ишкердик кайсы тармакта болбосун бөлбөшүбүз керек. Сиз айткан ресторан, соода борборлору да боло берсин. Бирин бири жөлөп отуруп ишкерлик өнүгөт.

Табылды Эгембердиев агабызды жакындан таанычу элем. Анын жасап кеткен жумуштары жан дүйнөсүндөгү максаттарынын 10 гана пайызы болушу мүмкүн. Аябагандай чоң долбоорлору бар эле. Эң жөнөкөй айылдын жармасын, максымын бренд кылып, Кыргызстанга эле эмес, экспортко чыгарууда. Этнокомплекстерине чет элден келген конокторубузду алып барып мактанып жатабыз.

Биз панорама музейинен чоң пайда табууну көздөгөн жокпуз. Биздин максат — ишкердик көз караш менен куруу. Бүгүн биз салып койсок эртең башка бирөөдөн акча сурабагандай болуп өзүн-өзү каржылашы керек. Анын ичинде жыйындар залы, тамактануучу жайы сыяктуу ишканалар болот. Кошумча каражат топтоп жанына дагы улап кетүү зарыл.

Проект музея эпосу Манас в Аламединском ущелье
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Музейдин 3-кабаты купол түрүндө салынып, ичине 1700 чарчы метрлик сүрөт тартылат.

— Сиздин баамыңызда Кыргызстан өзүнүн улуттук баалуулуктарына кандай маани берип жатат?

— Аракеттер жакшы болушу мүмкүн. Эгер натыйжага карай турган болсок, көрө албай жатабыз. Демек, жетишсиз. Балким мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетпей жаткандыр, башка себептер бардыр. "Манас панорама музейин" жеке каражатка салабыз деген да ошол. Эмне үчүн баарын мамлекетке жүктөшүбүз керек. Ишкерлер өзүбүз деле чогулуп бир нерсе куруп, салымыбызды кошолу деген пикирге келдик.

— Буга чейин Стамбулга Манастын эстелигин орнотконсуз, ага бөтөн жерден уруксат алуу кыйынчылык жараткан жокпу?

— Алгачкы эмгегим — "Манас - адамзат тарыхынын мурасы" деген китепти кыргыз, орус, түрк, англис тилинде чыгарганмын. Ал Астанда өткөн китептер сынагынан биринчини ээлеп, Россиядан байге алып берди. Экинчи жумушум Стамбул шаарына Манас атабыздын эстелигин тургузуу болду. Биздин элчилик жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу шаардык бийликтен сураганбыз. Алар бизге шаардагы эң кымбат делген "Алтын-Мүйүз" деген аймактан жер бөлдү. Стамбулдун ошондогу мэри жерди өзү көрсөтүп, тегерек-четин жашылдандырып парк кылышты. Аны менен эле чектелип калбай, астындагы постаментти мрамор ташынан орнотуп беришти. Ал эми айкелди кыргызстандык төрт айкелчи 8 айда даярдаган. Бул дагы кыргыз эли үчүн сыймыктуу нерсе болуп калды десем болот.

Азыр да Түркиянын кээ бир аймактагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп калсак, "Манастын музейин биз жакка салсаңар, жерин бекер берет элек" дешти. Алар "Манас" эпосунун баалуулугун түшүнүп жатат. Ошол эле учурда Манастын элинде өз чөнтөгүбүздөн музей салабыз деп жерди сатып алып, бүт уруксат кагаздарын алсак, каршы болгондор чыгууда. Тагыраак айтканда, бийлик тарабынан эмес, жергиликтүү эл бут тосууда. "Музей салынса бизге эмне берет?" деп нааразы болгону намысыбызга тийип, ызалантты. Балким алар түшүнбөй жатышат.

Предприниматель, автор проекта музея эпосу Манас Темирлан Сарлыкбек уулу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Бизнесмендердин жана жеке ишканалардын салымы менен баштап жатабыз. "Манас" музейин бүткөрүү үчүн болжолдуу түрдө эки миллион доллар талап кылынат", — дейт Темирлан Сарлыкбек уулу.

— Ушул жерден бир суроо бере кетейин. Бүгүнкү күндө кыргыз элинин Манаска болгон мамилеси кандай болууда?

— Биз "Манас" деп көкүрөк какканыбыз менен анын маани-маңызын толук түшүнбөйбүз, укпайбыз, окубайбыз. Мындан үч жыл мурда БУУдан кийинки эле сапта турган Ислам кызматташтык уюмунун баш катчысы Ияд бин Амин Мадани Кыргызстанга келди. Анын мени менен жолугуша турганын айтып чакырышты. Ишенген жокмун. Барсам чын эле жолугуп, англисчеге которулган китебимди окуганын билдирип, "бул гениалдуу эпос экен" деди. Анан кечки тамакка отурганда китептен үзүндү окуп, эртеси Twitter баракчасына да жүктөдү. Анын кыргызчасы мындай эле:

"Жалгыз көз жакшы көрө албайт,
Жалгыз бут арыш кере албайт.
Жалгыз кол түйүн чече албайт,
Жалгыз адам жарым жан,
Жарытып алыс кете албайт".

Ошондой масштабдуу уюмдун жетекчиси, чоң киши түшүнүп, баа бергени мени таң калтырган.

Тема боюнча

Короодо улуган Акбара, саякатчы "Ягуар". Элдар Айтматов атасынын үй-музейин көрсөттү
АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит. Илимпоз Сабыров менен маек
Белгилер:
саякат, ишкер, музей, Манас эпосу, Темирлан Сарлыкбек уулу

ЭҢ МААНИЛҮҮ