14:22 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев вместе с членами правительства Кыргызской Республики посетил государственное учреждение Кыргызтест и сдал тестирование на знание государственного языка. 19 Октябрь, 2019 года

Премьер Абылгазиев кыргыз тилинен тест тапшырды. Жыйынтыгы

© Фото /
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2217 0 0

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде өздөштүрүүсү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен бирге "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды. Ал ошондой эле "Кыргызтест" мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышты.

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев вместе с членами правительства Кыргызской Республики посетил государственное учреждение Кыргызтест и сдал тестирование на знание государственного языка. 19 Октябрь, 2019 года
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен бирге "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев

    Өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Министр иностранных дел КР Чингиз Айдарбеков посетил государственное учреждение Кыргызтест и сдал тестирование на знание государственного языка. 19 Октябрь, 2019 года
    Ал ошондой эле "Кыргызтест" мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышты.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Тестирование на знание государственного языка.
    Тестирлөө бүткөндөн кийин Мухаммедкалый Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев вместе с членами правительства Кыргызской Республики посетил государственное учреждение Кыргызтест и сдал тестирование на знание государственного языка. 19 Октябрь, 2019 года
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен бирге "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 5

"Биз окутуу системасын жакшыртуу жана заманбап инновациялык технологияларды, жаңы усулдарды киргизүү боюнча олуттуу иштерди жасашыбыз керек. Кимдир бирөөнүн тилди үйрөнүүсүн мажбурлоого болбойт, андай болбошу дагы керек. Аны өздөштүрүү үчүн жарандарга түрткү берип, шарт түзүү керек", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде өздөштүрүүсү керектигин айтты.

Тестирлөө бүткөндөн кийин Мухаммедкалый Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.

Тема боюнча

Кызыл чеке кылган кыргыз тили. Болочок президенттердин тагдырын тест чечип калабы?
Президенттин аппаратында иштегендердин кыргыз тилин билээр-билбеси текшерилет
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт, КыргызТест системасы, кыргыз тили

ЭҢ МААНИЛҮҮ