Бишкекте балдарды коюп кете жаздаган милиционер жазаланды

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников патрульной милиции в КР
Работа сотрудников патрульной милиции в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Бишкек шаардык ички иликтөө кызматы аталган факты боюнча териштирүү жүргүзүп, ШИИБдин жетекчилиги абалды көзөмөлгө алды.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Милициянын автоунаасы менен балдарды аз жерден коюп кете жаздаган айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Окуя бүгүн эртең менен саат 9:00дөр чамасында болгон. Эки окуучу Токтогул көчөсүндөгү жол чийинден өтүп баратканда милициянын автоунаасы алардын алдынан катуу ылдамдык менен өтүп кеткен

Автоинспекторлор автоунааны таап, айдоочуга 3 миң сом айып салды.

ИИМдин Бишкек шаардык ички иликтөө кызматы аталган факты боюнча териштирүү жүргүзүп, ШИИБдин жетекчилиги абалды көзөмөлгө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0