Милиция жоголуп табылган франциялык саякатчы менен баарлашты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПрофилактическая беседа с гражданкой Франции, считавшейся без вести пропавшей
Профилактическая беседа с гражданкой Франции, считавшейся без вести пропавшей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөлүк саякатчы аял тогуз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан. Ал Ысык-Көл облусунда болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган эле.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Милиция кызматкерлери жоголуп табылган франциялык саякатчы аял менен баарлашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ маалымдады.

Эске салсак, франциялык аялдын Пьер аттуу досу милицияга кайрылып, ал 9-октябрдан бери байланышка чыкпай жатканын айткан. Аял Оштон Бишкекке келгенден кийин жоголуп кеткен. 18-октябрда 25 жаштагы саякатчы Кемин районундагы айылдардын биринен табылган.

"Франциялык турист Бишкекке алып келинди. Милиция кызматкерлери мындай окуя кайра кайталанбашы үчүн аны менен баарлашып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал эми аял кам санап, жардам берген милицияга ыраазычылыгын билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармакта айдоочулардын бири аны Балыкчыдан Чоң-Кеминге жеткирип койгонун жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0