Ат-Башыда бал фестивалы өттү

Жазылуу
18-октябрда башталган фестивалдын алкагында бизнес-форум да болуп, анда Кыргызстандын балын чет жакка чыгаруунун жолдору, тоскоолдуктарды чечүү талкууланган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда республикалык бал фестивалы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын берген маалыматы боюнча, учурда Нарын облусунда жалпысынан 53 бал өндүрүүчү бар. Жылдан жылга Ат-Башынын ак балын өндүрүү да көбөйгөн. Мисалы, 2015-2016-жылдары 150 тонна ак бал өндүрүлсө, 2017-жылы анын көлөмү 170 тоннага чыккан. Андан сырткары, кызыл балды өндүрүү да жолго коюлууда.

18-октябрда башталган фестивалдын алкагында бизнес-форум да болуп, анда Кыргызстандын балын чет жакка чыгаруунун жолдору, тоскоолдуктарды чечүү талкууланган.

Бул иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан балчылар келип катышты.

Жаш ишкер Тилек Жумабеков Ат-Башынын ак балын Сауд Аравияда аябай жактырышарын айтып берген. Себеби ал жеңил сиңип, момпосуй сыяктанып кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0