Жалал-Абад шаарындагы базар менен касапкана текшерилди. Сүрөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота сельскохозяйственного рынка в Великом Новгороде
Работа сельскохозяйственного рынка в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мал союучу жайлар калкты таза эт менен камсыз кылуудан тышкары, жайгашкан жердин айланасын да  санитардык талапка ылайык сактоосу зарыл.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы коомдук жайлардагы ашканалардын, азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн жана эт базарынын абалы текшерилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шаардык депутаттардан түзүлгөн комиссия бир катар тамактануучу жайларда санитардык абал сакталбаганына күбө болуп, ашкана ээлерине эскертүүлөр берилди. Андан тышкары, сактоо мөөнөтү өткөн азыктарды сатууга тыюу салып, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Мындай көрүнүш калктын саламаттыгына коркунуч жаратып, ар түрдүү жугуштуу ооруларды пайда кылат. Көзөмөлдөө улантылат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары базардагы санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу жана элдин ден соолугуна зыянын тийгизген жагдайларды жоюу максатында текшерүүнү колго алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми мал союучу жайлар калкты таза эт менен камсыз кылуудан тышкары, жайгашкан жердин айланасын да санитардык талапка ылайык сактоосу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0