Бишкектеги Токтогул көчөсү убактылуу эки тараптуу болот

© Sputnik / Эмиль СадыровПроблема автомобильного затора в Бишкеке
Проблема автомобильного затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда мэриянын өкүлдөрү менен инспекторлор жол белгилерин орнотуп жатышат. Айдоочулар түнгө жакын Токтогул көчөсү менен эки тараптуу жүрө баштайт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул көчөсү 31-октябрга чейин эки тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим Москва көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу кабыл алынды. Белгилей кетсек, Москва көчөсү чыгышты көздөй, Токтогул көчөсү батышты көздөй бир тараптуу болчу.

Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: газ менен жүргөн автобустар шаар бюджетинен акча үнөмдөп жатат
Мэриядан билдиришкендей, саат 16.00дөн тарта жеринде инспекторлор менен мэриянын өкүлдөрү жүрөт. Алар жол белгилерин орнотуу менен алек. Айдоочулар түнгө жакын Токтогул көчөсү менен эки тараптуу жүрө алышат.

Мэрия бүгүн, 17-октябрда, Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабылганын эскертти.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы жол тыгынды азайтуу үчүн Токтогул көчөсүн эки тараптуу кылуу тапшырмасын берген.

Москва көчөсүндөгү оңдоо иштерин 30-октябрда бүткөрүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0