Мэрия: газ менен жүргөн автобустар шаар бюджетинен акча үнөмдөп жатат

Жазылуу
Бишкектин абасы көбүнчө автотранспорттон улам булганат. 2018-жылы атмосферага 180 миң тонна түтүн ташталган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы муниципалдык автобустар жаратылыш газы менен жүрүп, төрт ай ичинде 19,8 миллион сом үнөмдөлгөн. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Чыгымдарды оптимизациялоо жана экологияны сактоо —  мэриянын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири. Тажрыйба көрсөткөндөй, тиешелүү жаратылыш газын (метан) колдонуу 50 пайыздан ашык үнөмдөөгө алып келип жана зыяндуу газдын абага тарашынын алдын алат. Албетте, бул Бишкектин экологиясына да өзүнүн оң таасирин тийгизет", — деген Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Расмий маалыматтарга караганда, борбор калаа 40 миң автоунаага эсептелген. Бирок учурда Бишкекте 400 миңге чукул автокөлүк катталган. Шаардын абасынын булганышынын 90 пайызы автотранспорттон улам болууда. 2018-жылы атмосферага бул техникалар эле 180 миң тонна түтүн чыгарган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0