ТИМ: "Ак-Жолдогу" реконструкция иштери жүк ташуучуларга алдын ала маалымдалат

Жазылуу
Айдарбеков "Кичи-Капка" көзөмөл өткөрмө жайынын ишин жакынкы арада кайра жандандыруу жана "Ак-Жол" пунктун реконструкциялоо, жаңы көпүрө куруу боюнча маселени көтөргөн.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү жайында реконструкция иштери болорун жана ал туурасында жарандар менен жүк ташуучуларга кошумча маалымдаларын ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул маселе Нур-Султан шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстандын  индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министри Бейбут Атамкуловдун жолугушуусунда сүйлөшүлгөн.

Тараптар Казакстандын аталган министрлигинин ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө кирген кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулаган.

"Айдарбеков "Кичи-Капка" көзөмөл өткөрмө жайынын ишин жакынкы арада кайра иштетүү жана "Ак-Жол" пунктун реконструкциялоо, жаңы көпүрө куруу жана "Ак-Тилек" жайындагы көпүрөнү жаңылоо кыргыз тарабы үчүн маанилүү экендигин белгиледи", - деп айтылган маалыматта.

Атамкулов "Кордай" көзөмөл өткөрмө жайынын кыргыз тарабынын "Ак-Жол" көзөмөл өткөрмө жайын реконструкциялоо маселесин айткан.

Жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасынан өткөн эл менен жүктүн көлөмү көбөйдү
"Мамлекеттик чек аранын аталган тилкесинде оңдоо иштерин жүргүзүү мөөнөттөрү жарандарга жана жүк ташуучуларга кошумча маалымдалат", - деп айтылган билдирүүдө.

Ошондой эле Казакстан тарап ушул жылдын 16-октябрында Казакстандын Мажилисинин "Токмок", "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрмө пункттарынын эки тараптуудан көп тараптуу статусуна өзгөртүүсү каралган протоколду жактыргандыгын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0