Автотыгын күчөйт. Бишкекте оңдолуп жаткан көчөнүн дагы бир тилкеси жабылат

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЖол белги. Архив
Жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги борбордук көчөлөрдүн бирин оңдоо сентябрь айында башталган. Бул калаада автотыгындын дагы көбөйүшүн жаратты.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 17-октябрда, Бишкектеги Москва көчөсүнүн дагы бир тилкеси оңдоп-түзөө үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Эми оңдолуп жаткан Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

"Манас проспектиси менен түндүктү көздөй кетип бара жатып Киев көчөсүнөн экинчи тилкеден оң жакка бурулууга болот", — деп айтылат маалыматта.

Айланма жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия автотыгынды азайтуунун айласын тапты. Багыты өзгөрө турган жол
Москва көчөсүндөгү оңдоо иштери сентябрда башталган. Анын айынан ага параллель жайгашкан көчөлөрдө автотыгындар пайда болгон.

Жолду оңдоодон мурда ойлонуп, ыңгайсыздыктарды азайтып, көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу мүмкүндүгүн карап чыгуу абзелдигин айтып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү жактарга тапшырма берген. Бирок ал иш жүзүнө аша элек.

Оңдоо иштери Кытайдын грантынын эсебинен жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0