Эртең Бишкектин 27 аймагында электр кубаты болбойт. Тизме

Жазылуу
Электр энергиясы борбор калаанын борбордук көчөлөрүндө жана жаңы конуштарда өчүрүлөт. Оңдоп-түздөө иштери болжол менен 6-10 саат уланат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 17-октябрда, борбор калаадагы бир нече аймактарда электр кубаты өчүрүлө тургандыгын "Түштүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Адистер үйлөрдүн ичиндеги электр өткөргүчтөрдүн абалын текшерип, жаңыларын тартып, көмөк чордондорду кароодон өткөрөт.

Электр кубаты төмөнкү жерлерде болбойт:

  • 8:00 - 17:00 — Чортеков, Абдрахманов, Садыбакасов көчөлөрүнүн жана Тынчтык проспектисинин тилкелеринде;
  • 9:00 - 15:00 — Матыев, Туюк, Роза Люксембург көч. тилкелеринде, Таганрог, Казань туюк көч.
  • 9:00 - 17:00 — 12-кичирайондо (№ 63 үй), Чүй проспектисинде (№ 39 үй);
  • 9:00 - 18:00 — Логвиненко, Москва, Исанов, Бөкөнбаев, Чуйков, Керамика, Темиров, Кемин көч. бөлүктөрүндө, Тыныстанов (№ 199 үй) көч.;
  • 9:30 - 18:00 — Семетей, Түндүк, Жеңиштин 50 жылдыгы, Рысмендиев, (№ 2, 3, 3а үйлөрүндө), Элебесов көч., Тынчтык проспектисинде, Чоң-Арык, Орто-Сай, Кара Жыгач аймактарында, Кайыңды конушунда;
  • 10:00 - 18:00 —Кара-Жыгач жаңы конушунда (Исаев, Кемин көч).
Жаңылыктар түрмөгү
0