Мэрия автотыгынды азайтуунун айласын тапты. Багыты өзгөрө турган жол

Жазылуу
Жолдун схемасын өзгөртүү боюнча долбоор менен "Бишкекасфальтсервис" менен мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы алек болууда.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкекте унаа көп жүргөн кесилиштерге айланма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, өзгөртүү 7-апрель менен Анкара көчөсүнөн башталат. Жолдун схемасын өзгөртүү боюнча долбоордун үстүнөн "Бишкекасфальтсервис" менен мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы иштеп жатат. Кесилиштеги айланма жол алгач пилоттук режимде иштейт.

"Болжол боюнча көчөлөрдүн кесилишиндеги светофорлор өчүрүлүп, жол белгилери коюлат. Айланма жолдун багыты бетон конструкциялары менен белгиленет. Инспекторлор трафикти көзөмөлгө алышат. Эгер тыгын азайса, айланма жол курулат", — деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле ишти Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишинде уюштуруу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0