Чет жактан окугуңуз келеби? Бишкекте 14 мамлекеттин өкүлү жарманке өткөрөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБольшой этнографический диктант в России
Большой этнографический диктант в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага келгендер чет элдик окуу жайлардын өкүлдөрүнөн бакалавр жана магистратура программасын тандоодо кеп-кеңештерди ала алат. Ошондой эле тил курстарын да тандай алышат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкекте эл аралык "EXPO-2019" билим жарманкеси өтө турганын шаардык муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарманке 17-октябрь күнү саат 12:00дөн 18:00гө чейин борбордогу Sheraton отелинде болот.

"Жарманкеде Улуу Британия, АКШ, Канада, Швейцария, Голландия, Италия, Малайзия, Россия, Япония, Венгрия, Испания, Германия, Түркия жана Австралия өлкөлөрүндөгү мектептердин, колледж жана университеттердин өкүлдөрү консультация берип, билим семинарларын өткөрүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага келгендер чет элдик окуу жайлардын өкүлдөрүнөн бакалавр жана магистратура программасын тандоодо кеп-кеңештерди ала алат. Ошондой эле тил курстарын дагы тандай алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0