08:06 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
Жазуучу Аман Саспаевдин архивдик сүрөтү

Башкага берген калыңына карабай кытай кызын алган. Аман Саспаев тууралуу 8 факты

© Фото / из личного архива Тамары Саспаевой
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (315)
1834 0 0

Жазуучу Аман Саспаевдин көзү тирүү болгондо бүгүн 90 жашка чыкмак. Кара сөз чебери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды топтоду.

Аман Саспаев 1929-жылы 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында төрөлгөн.

Кытайда өткөн балалык. Көзү тирүү кезинде жергиликтүү гезиттерге берген маегинде "туулган күнүм так эмес" деп айтканы бар. Чоң аталары байдын тукумунан, атасы Саспа большевик болгон. Тилекке каршы, эрте эле көзү өтүп, аялы эки бала менен төркүнүнө барат. Бирок аны "бай-манаптын тукуму" деп колхоздогу жумушка албай коюшкан. Кыйынчылыктан улам апасы турмушка чыгып, үй-бүлөсү менен Кытайга жөө-жалаңдап барышат. Кулжага барып өгөй атасы чөп чаап, мал багып, апасы бирөөлөрдүн кийимин жууп тирилигин кылышкан. 1937-жылы Аман Саспаев Кытайдын Тогуз-Торо уездине караштуу Моюн-Күзөр айылындагы уйгур мектептен сабатын ачат. Кийин Тогуз-Торонун Жаңы-Шаар деген айылында, Кулжа шаарында уйгур, казак мектептеринде окуп билим алган. 

Жительница Каракола, родом из Китая Тамара Саспаева с мужем
© Фото / из личного архива Тамары Саспаевой
Аман Саспаевдин багып алган атасы эки жерге куда түшүп, бирине калың бергенине карабай, Тамара аттуу кытай кызына үйлөнгөн

Физика, казак адабиятынан сабак берип... Кулжа шаарындагы гимназияны аяктагандан кийин 30 баланын ичинен Аман Саспаевди кайра мугалим кылып алып калышкан. Адис жетишсиз болгондуктан, физика, казак адабияты, биологиядан да мугалим болгон.

Түгөлбай Сыдыкбековго тууган. Аман Саспаев жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен тууганчылык жайы болгон. 1961-жылы жубайы менен Кыргызстанга келгенде алгач Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө болуп, кийин Караколго кетишкен.

Кытай кызына үйлөнгөн. Аман Саспаевдин багып алган атасы эки жерге куда түшүп, бирине калың бергенине карабай, Тамара аттуу кытай кызына үйлөнгөн. Анын атасы кытай, энеси украин эле. Тамара 4-класска чейин орус тилинде окуп, 11-классты кытай тилинде бүткөн.

Тамара апанын "Биз Үрүмчүдө турганда Аман типографиянын редактору эле. Атам ошол мекемеде ашпозчу, энем санитарка болуп иштечү. Жумуштан эрте келгенде энеме жардам берип калчумун. Аман ошол жерден мени байкап калган экен" деп эскерген жайы бар. Ал кезде 19 жашта экен.

"Курбум экөөбүз бий аянтчасына бардык. Экинчи музыка башталганда бир жакшынакай жигит келип, бийге чакырып калды. Өзүн кытаймын деп тааныштырып, улам эле мени бийге чакырып, башкалар менен бийлегенге мүмкүндүк бербеди. Ошондон кийин экөөбүз жакшы таанышып калдык. Ата-энем кызыбыз советтик киши менен жакшы мамиледе болуп жүрөт, алып кетип калат деп кабатырланышкан. Бул маселе мени ойлонткон эмес", — деп эскерген Саспаева.

Чүрпөсү чек арада чарчап калып... Аман Саспаев менен Тамара Саспаеванын кызы Сиязхан жети ай кезинде чек арада чарчап калган. Андан башка Артуш, Мурат, Турган, Арзы, Аруун, Кундуз аттуу алты балалуу болушкан.

Эмгек жолу. 1948–1949-жылдары "Инкилаби шаркий Туркестан" гезитинде Текес, Мунгул-Күрөө уезддери боюнча атайын кабарчы болуп иштеген. 1952–1956-жылдары Пекиндеги борбордук улуттар институтуна өтүп, кытай тилиндеги филология факультетинде окуган. 1956-жылы Үрүмчүгө келип, "Эл басмасынын" кыргыз секторунда редактор, жооптуу сектор башчысы болуп эмгектенген. Ушул убакытта улуттук кадрлар арасында "Стилди түзөө" деген саясий компаниянын иши башталат. Ал кытайдын улуттук саясатына башталган кыймыл болчу. Саспаев ал компанияга кокусунан кабылып "оңчул" аталат.

"Аман "оңчул" деп куугунтукка кабылганда өз кесиби менен иштебей, башка жумуштарга жиберилди. Шахтыда эмгектенген күнү да болду, теңтуштарынын бир тобу түрмөдө өлдү. Анан паспорт жасатып, ошол жасалма документ менен бир канча үй-бүлө Кыргызстанга келдик", — деп айтып берген Тамара Саспаева.

1962-жылы Кыргызстанга кайтып келет. 1966-жылга чейин туулган айылы "Санташ" совхозунда жумушчу, тракторист болуп эмгектенген. 1967–1988-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий кеңешчи болуп иштеп, 1971–1973-жылдары Москвадагы Максим Горький атындагы адабий институтунун жогорку адабий курсунан окуган.

"Сарала ит" жана башка чыгармалары. Жазуучу окурмандарга "Парторг" романы, "Сарала ит", "Тоо чабалекейи", "Татым туз" өңдүү чыгармалары менен таанымал. Анын айрым аңгемелери орус, француз, кытай, латыш, татар, башкыр, казак, уйгур, каракалпак тилдерине которулган. Ал чыгармаларын уйгур, казак тилдеринде да эркин жазган.

Автор узак жылдар бою кытай тилин изилдеп жүрүп, 55 миң сөздү камтыган 91 басма табак көлөмүндөгү "Кытайча-кыргызча сөздүк" түзгөн.

Өчкөн өмүр. Жазуучу өмүрүнүн акырына чейин Каракол шаарында жашап, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде иштеди. Ал 86 жаш курагында дүйнө салып, сөөгү Түп районунун Кең-Суу айылына коюлган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (315)

Тема боюнча

Жарым кылымдан бери элди күлдүргөн куудул. Келдибек Ниязов тууралуу 9 факты
Арманы - "Манас" көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты
Белгилер:
жол, өмүр, жазуучу, улуу жазуучу, факты, Аман Саспаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ