ИИМ Фарид Ниязовдун тергөөчүлөргө карата арызына жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЗакрытое заседание фракции СДПК в Бишкеке
Закрытое заседание фракции СДПК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМден белгилешкендей, Фарид Ниязов тергөө учурунда бир нече ирет ИИМдин Тергөө кызматына алып келинген. Бирок 5-сентябрь күнү ал өзүнүн чечими менен тергөө иш-чараларына катышуудан баш тартып койгон.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязовдун жактоочусунун арызына жооп берди.

Буга чейин КСДПнын маалымат кызматы сот Фарид Ниязовдун адвокатынын арызын канааттандырганын кабарлаган. Арызда тергөө тобу менен тергөөчүлөрдүн аракетсиздиги айтылган болчу. Маалыматта шектүү Фарид Ниязов менен анын жактоочусу экспертизаларды дайындоо боюнча токтом менен таанышпаганы айтылып, бул одоно мыйзам бузуу экени белгиленген.

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Кайра-кайра баш тартып... Атамбаевди сотко алып келүүнүн жолу барбы?
Ал эми ИИМ тергөө шектүү менен анын адвокатынын иш менен таанышуусуна эч кандай тоскоолдук көрсөтпөгөнүн маалымдап, Фарид Ниязов тергөө аракеттерине өзү катышпай койгонун белгиледи. Сөз Кой-Таштагы окуялар жана адамдарды барымтага алуу боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатат.

Ниязов 9-декабрга чейин тергөө абагына киргизилген. ИИМден белгилешкендей, ал тергөө учурунда бир нече ирет ИИМдин Тергөө кызматына алып келинген. 5-сентябрь күнү Ниязов өзүнүн чечими менен тергөө иш-чараларына катышуудан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0