ИИМ милиционерлердин массалык түрдө иштен алынышына жооп берди

Жазылуу
Кээ бир ЖМКларга Кыргызстанда милиционерлер массалык түрдө иштен айдалып жатканы боюнча маалымат тарап жатат. Министрлик буга комментарий берди.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлиги милиционерлер массалык түрдө иштен алынып жатканы боюнча маалыматты четке какты.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиционерлердин айлыгы качан жана канчага көбөйөрү айтылды
ИИМден билдиришкендей, мындай маалымат кээ бир ЖМКлар аркылуу тарап жатат. Министрлик келерки жылы милиционерлердин шарты, тескерисинче, кыйла жакшырарын билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө" жөнүндөгү мыйзам боюнча милиционер иштен алынган күндө дагы ага жөлөк пул менен пенсияга кошулган кошумча каражат төлөнөт. Ошондой эле мыйзам боюнча негизги айлык 40 пайызга жогорулайт.

"Кошумча айлык дагы 30 пайызга көтөрүлөт. Мындан сырткары, социалдык кепилдиктер дагы берилет", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик мыйзам күчүнө кириши менен иштеп жаткан кызматкерлердин гана эмес, пенсияга чыккан ардагерлердин дагы шарты жакшырарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0