Атамбаевден "Форумду" сатып алган ишкер Субихи Пархати кармалды

© AP Photo / Moises CastilloКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин тергөө органдары Атамбаевге "Форум" ишканасынын айланасындагы иштер боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалды.

Сот анын баш коргоо чарасын тандап, эки жакка чыгууга тыюу салганын Биринчи Май райондук сотунун өкүлү Асел Равшанбекова билдирди.

"14-октябрда Субихи Пархатинин кармалышын мыйзамдуу деп табуу боюнча прокурордон өтүнүч келип, ал канааттандырылды. Ишкердин баш коргоо чарасы каралып, эки жакка чыгууга тыюу салынды", — деди ал.

Пархатинин аты Атамбаевге таандык болгон "Форум" ишканасын сатып алуу иштеринин айланасында коомго белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин тергөө органдары Атамбаевге "Форум" ишканасынын айланасындагы иштер боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.

2017-жылы 27-октябрда Субихи Пархати Алмазбек Атамбаев негиздеген "Форум" жоопкерчилиги чектелген коомго теңтөрага болгон. 2018-жылы жазында аталган ишкана кайра катталып, ал толугу менен Пархатиге өткөн.

Мурдагы президенттин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия учурунда Атамбаев Пархатиге "Форумду" 54 миллион сомго сатканы аныкталганын маалымдаган.

Субихи Пархати "Хуасинь" инвестициялык компаниясы менен "Азия профессионал" ЖЧКларын негиздеген. Каржы министрлигинин "Ачык бюджет" порталындагы маалымат боюнча компаниялар иштебейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0