23:55 19 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Ош улуттук драма театры. Архивдик сурөт

Ош улуттук драма театры оңдолуп жатат. Сүрөттөр

© Фото / Михаил Дудин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
37810

Учурда республикалык бюджеттен акча каралып, театрларды этабы менен оңдоо иш-аракеттери жүрүп жатат. Буга чейин опера жана балет театры менен филармония ремонттон өткөн.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Султан Ибраимов атындыгы Ош улуттук драма театрында оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, министр Азамат Жаманкулов оңдоо иштери менен жерине барып таанышты.

  • Ремонт Национального драмтеатра им. С. Ибраимова в Оше
    Султан Ибраимов атындыгы Ош улуттук драма театрында оңдоп-түзөө иштери башталды.
    © Фото / пресс-служба Минкультуры КР
  • Ремонт Национального драмтеатра им. С. Ибраимова в Оше
    Министр Азамат Жаманкулов оңдоо иштери менен жерине барып таанышты.
    © Фото / пресс-служба Минкультуры КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
Султан Ибраимов атындыгы Ош улуттук драма театрында оңдоп-түзөө иштери башталды.
"Бүгүнкү күндө театрдын имаратынын сырты, өрт коопсуздугу, көрүүчү залдын желдеткичи, сахнанын механикалык жабдуулары, грим бөлмөлөрү жаңылоого муктаж. Ремонт иштеринде жалпы 30 иш бөлмө оңдолот", — деп айтылат маалыматта.

Ош улуттук драма театрына республикалык бюджеттен 16 миллион сом бөлүнгөн.

Учурда республикалык бюджеттен акча каралып, театрларды этабы менен оңдоо иш-аракеттери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында, Токтоболот Абдымомунов атындыгы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында ремонт иштери жүрүп жатат. Буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улутук филармониясы оңдолгон. Эми оңдоп-түзөө муктаж мекемелерде жасалат.

Тема боюнча

Бишкектин оңдолуп бүткөн 14 көчөсү жарыктандырылууда. Сүрөттөр
Белгилер:
Ош, Маданият министрлиги, оңдоо, театр

ЭҢ МААНИЛҮҮ