07:43 06 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1528 0 0

Жаш илимпоз Жеңишбек Жакыповдун аты акыркы убакта коомчулуктун көңүл борборунан орун алууда. Буга ал жасаган кумурска сыяктуу кичинекей, бирок көп жөндөмдүү "Трибот" аттуу робот себеп. Илимий эмгек тууралуу дүйнөлүк деңгээлдеги басылмалар да жазып чыгышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жылы Европанын эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Швейцариядагы Лозанна федералдык политехникалык институтунан илимдин доктору даражасын алган Жеңишбек Жакыпов менен баарлашты.

— Буга чейин сиз менен сүйлөшкөндө илимий конференция боюнча Нур-Султанда жүрөм дедиңиз эле. Ошол тууралуу айта кетсеңиз?

— Нур-Султанда HPAIR (Азия жана эл аралык мамилелер боюнча Гарвард долбоору) аттуу конференцияга катышып келдим. Негизинен искусство жана дизайн, илим жана технология, эл аралык мамилелер боюнча үч бөлүмдөн турат экен. Мени илим тармагы боюнча чакырышты. Мындай чоң иш-чара болорун күткөн эмесмин. Нобель сыйлыгына жардам берген илимпоздор, Дүйнөлүк банкта жогорку кызматта иштеген адамдар жүрүштү. Ал жерде робот техникасы, санариптештирүү жана жасалма интеллект боюнча өз пикирим менен бөлүштүм. Ошондой эле бул тармакта жакшы байланыштарды түзүп келдим. 

Кыргызстанский ученый, доктор наук Федерального политехнического института Лозанна в Швейцарии Женишбек Жакыпов
© Фото / из личного архива Женишбека Жакыпова
Швейцариядагы Лозанна федералдык политехникалык институтунан илимдин доктору даражасын алган Жеңишбек Жакыпов.

— Эмгегиңиз Reuters сыяктуу абройлуу басылмаларга чыккан экен.

— Ага чейин универститеттин сайтына үч жолу илимий макалам чыккан. Ошолор топтолуп отуруп көлөмдүү макала жазуума жол түзүлгөн эле. Белгилүү Nature журналына басылган эмгегим аябай чоң талкуу жаратты. Социалдык баракчаларда көңүл бура башташты. Бул Кыргызстан үчүн күтүүсүз эле. Алгач "Бул жигит кыргызбы?" деп сурагандарды окуп калдым. Андан кийин мен жөнүндө маалыматтарды топтоп ким экенимди чыгарышты. Өзүм пландабасам да атым таанылып кетти.

— Эми өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз?

— Мен 1989-жылы 9-май, Жеңиш күнүндө, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрөлгөм. Атам аскер кызматкери болгондуктан ар жактарга көчүп жашап калдык. Апам азыр ардактуу эс алууда жүргөн медицина кызматкери. Бир тууган эки эжем бар. Өзүм алгач Кара-Көлдө, андан соң Ош шаарындагы Кыргыз-түрк лицейинде билим алдым. Негизинен жакшы эле окуп, кызыл аттестат менен бүтүрдүм. Химия сабагы боюнча олимпиадалык топтун мүчөсү элем. Өтө жогорку ийгиликтерди жарата албасам да компьютердик долбоорлор боюнча эл аралык сынактарга катышып калдым.

— Кичинекей кезиңизден эле илимге кызыкчу белеңиз?

— Ооба, жаштайыман эле илимге, инженерияга болгон кызыгуум күч эле. Ошол эле учурда техникалык, механикалык нерселер ар дайым көңүлүмү бурчу. Мектеп убагында кичинекей мотору бар унаа, кайыктарды жасаганды, ата-энем алып берген оюнчуктарды бузуп, ичинде эмне бар экендигин билгенди жакшы көрөр элем.

Кыргызстанский ученый, доктор наук Федерального политехнического института Лозанна в Швейцарии Женишбек Жакыпов
© Фото / из личного архива Женишбека Жакыпова
Жакыповдун белгилүү Nature журналына басылган эмгеги чоң талкуунун башы болуп, социалдык тармактарда ага көп көңүл бурула баштаган.

— Илимпоздугуңузду жакындарыңыз кандай кабыл алды?

— Атам кичинекей кезинде дарыгер болгусу келген экен. Андыктан башында мага да ушул тармакты сунуштады. Апам да медик болгондуктан макулдугун берген. Бирок кийин ойлору өзгөрдү. Мага эч кандай басым кылбай, ар дайым мен тандаган чечимди колдоп турушат. Мектепти бүтүргөн соң Түркиядагы "Фатих" университетинин химия бөлүмүндө окуй баштадым. Мугалим болсом, мектепте сабак берсем деген тилегим бар эле. Бирок бир жыл окуган соң техникага, инженерияга болгон кызыгуу күч алып, ошол эле окуу жайдын электр-электроника инженерлиги бөлүмүнө өттүм. Дароо 2-курстан баштагандыктан башында бир аз кыйынчылыктар жаралды. Жайында да окуумду улантып, Кыргызстанга келген жокмун. Ошентип өз убагында окуумду бүтүргөн соң Стамбулдагы "Сабанжы" университетине магистратурага тапшырдым.

— Мыкты окуу жайларда окуптурсуз. Андыктан жакшы иштерге сунуштар түшкөн болсо керек?

— Көп эле түшүп жатты. "Сабанжыны" бүтүрүп жатканда Кыргызстандагы "Кока-Кола" компаниясынан байланышка чыгышкан. "Кока-Коланын" башкы офиси Стамбулда болгондуктан ал жакка барып маектешкем. Бирок эртең мененки тогуздан кечки бешке чейин офисте отуруп иштегим келбеди. Мага ийкемдүү убакытты, жаратмандыкты талап кылган жумуштар жагат. Ошондуктан окуумду улантайын деп чечтим.

Кыргызстанский ученый, доктор наук Федерального политехнического института Лозанна в Швейцарии Женишбек Жакыпов
© Фото / из личного архива Женишбека Жакыпова
"Мага ийкемдүү убакытты, жаратмандыкты талап кылган жумуштар жагат", - дейт Жакыпов.

— Сиз окуган Лозанна федералдык политехникалык институту дүйнөдөгү эң алдыңкы окуу жайлардын катарына кирет экен. Кантип кабыл алынганыңызды айта кетсеңиз?

— Түркияда доктарантурада окуп жүргөн кезде бир жерде тура бербей, башка деңгээлге өтүүнү кааладым. Европадагы көптөгөн окуу жайларга тапшырып көрдүм. Алардын ичинен эң мыктысы Лозаннадагысы эле. Ал жакка өтсөм окуу жайдагы бир профессор контракттык негизде ишке алышы керек болчу. Мага контракт чыкпай калды. Күтүп жүрүп, 2013-жылы Австриянын Вена шаарындагы конференцияга катышып калдым. Андан ары Швейцарияда окуган досума жолукканча окуу жайга барып көрүүнү чечтим. Профессор менен жолугуп, резюмемди тапшырып, илимий эмгектеримди көрсөттүм. "Орун болсо чакыргыла" деп кеткем. Жарым жылдан кийин чакыруу келди. Алгач көнүшүп кете аламбы деп текшерүү үчүн 6 айга тажрыйба алууга бардым. Бирок эки айда эле макала чыгарып, өзүмдү көрсөтүүгө жетиштим. Дароо эле доктарантурага кал дешти.

— Шарттары тууралуу айта кетсеңиз?

— Жалпысынан төрт жыл докторантурада окуп, 6 ай тажрыйба топтодум. Кадимкидей жумуш келишимин түздүк. Окуу жайда докторант болсом, лабораторияда иштедим. Ичинде айлыгы камтылган социалдык пакет беришет. Айлык Швейцариянын деңгээли боюнча төмөн. Окуу жаңы башталганда маяна 3 миң доллардан ашык болчу. Бирок жыл сайын көбөйүп турат. Өлкө да ошого жараша кымбат. Мисалы, мен эки бөлмөлүү батирге 1 100 доллар төлөйм. Негизи жалпылап алып караганда, жашооңо жетет. Швейцария Европада да деңгээли жогорку өлкө. Германия, Италия, Франциянын жарандары мигрант катары келишет. Күнүнө 1 миллион 600 миң адам кирип чыгат экен.

— Швейцарияда үй-бүлөңүз менен чогуу турасызбы?

— Ооба, чогуу турабыз. Келинчегим экөөбүз 2016-жылы баш кошуп, андан соң бирге кеткенбиз. Азыр бир жаштагы кызыбыз бар. Жубайым англис тилин мыкты билет. Ал жакта эки жыл французчаны да үйрөндү. Азыр менден жакшы сүйлөйт. Мен күнүмдүк жашоого керектүү гана сөздөрдү билем. Андыктан тил жагынан мага жардам берип турат.

Кыргызстанский ученый, доктор наук Федерального политехнического института Лозанна в Швейцарии Женишбек Жакыпов
© Фото / из личного архива Женишбека Жакыпова
"Келинчегим экөөбүз 2016-жылы баш кошуп, андан соң бирге кеткенбиз. Азыр бир жаштагы кызыбыз бар", - дейт Жеңишбек Жакыпов.

— Мурда "Кыргызстан — Орто Азиянын Швейцариясы" деген сөздөр айтылчу. Эки өлкө арасында окшоштуктар бар бекен?

— Жаратылышы гана окшош болбосо, элинин кулк-мүнөзү айырмаланып турат. Аларда эмгекчил, кыбырап иштегенди, убакытты өтө туура пайдаланганды жакшы көрүшөт. Сегиз миллион калкы, Нарындай эле жери бар кичинекей өлкө. Алгач барганда тоонун башына таштарды тизип жол кылып коюшканын көрүп эле эмгекчил эл экендигин байкагам. Ар бир айылда суу, жарык, интернет жана жол бар. Ошого жараша туристтердин саны да көп.

— Кыргызстанда окуган студенттер биздин өлкөнүн билим деңгээли менен сиз окуган университетке өтө алышабы?

— Мыкты окусаң өтөсүң. Бирок баары бир жөнөкөй мектептен билим алган окуучулар үчүн кыйын. Анткени тил жана математика абдан маанилүү. Швейцарияда федералдык бюджеттен каржыланган эки окуу жай бар. Бирөөсү мен окуган университет болсо, экинчиси Цюрих Жогорку техникалык институту. Бул окуу жайды Нобель сыйлыгынын лауреттары бүтүргөн. Алардын ичинде Альберт Эйнштейн бар. Ал эми биздин университеттин ачылганына 50 жыл болду. Бирок тармактык өнүгүү боюнча деңгээли жогору турат. Мен өзүм да сабак бергендиктен, окуунун кыйындыгын жакшы түшүнөм. Мисалы, Түркияда сынакка бир жума калганда даярданып башташса, ал жерде ар апта даярданышат. Катуу окуп, ошого жараша эс алганды да билишет. Окуу жайга тапшырган студенттердин саны көп. Бирок 1-курста окугандардын 20 пайызы гана экинчи курска өтө алат.

Кыргызстанский ученый, доктор наук Федерального политехнического института Лозанна в Швейцарии Женишбек Жакыпов
© Фото / из личного архива Женишбека Жакыпова
"Кичинекей, өзүн-өзү башкарган, көп нерсеге жөндөмдүү роботторду сунуштадык. Алар кумурска сыяктуу өз ара кабарлашып, чогуу "супер организм" боло алышат. Азыркы чоң роботторго караганда көлөмү кичинекей, бирок шык-жөндөмү бирдей", - дейт Жакыпов.

— Сиз жасаган робот тууралуу жалпылап түшүндүрө кетсеңиз?

— Негизи эле илимпоздордун илимий-инженердик эмгекти жасоосу "Бир нерсе эмнеге иштейт жана аны кантип жасаса болот?" деген суроо менен башталат. Биздин биринчи сурообуз "Кумурскалар кандай иштейт, кантип бири-бири менен байланышат жана аларга окшош робот жасай алабызбы?" деген собол болчу. Жашообузда аларга көп көңүл бурбай, керек болсо үстүнөн байкабай басып кетебиз. Табияттагы ар бир нерсе комплекстүү болгондуктан кумурскалардын да ич ара байланышы жогорку деңгээлде. Кадимкидей көпүрө, көп кабаттуу имарат куруп, чогулуп, кайык катары сууда сүзө алышат. Булардын кантип бири-бирин түшүнгөндүгү, мамиле кылгандыгы маселенин илимий жагы. Ошол эле учурда технологиялык жагы да бар. Биз ушул нерселердин үстүндө иштеп, кичинекей, өзүн-өзү башкарган, көп нерсеге жөндөмдүү роботторду сунуштадык. Алар кумурска сыяктуу өз ара кабарлашып, чогуу "супер организм" боло алышат. Алар азыркы учурдагы чоң роботторго караганда көлөмү кичинекей, бирок шык-жөндөмү бирдей. Жаңы синтетикалык акылдуу материалдарды колдонгондугубуздан ар кандай химиялык жана физикалык шарттарга жараша ордунан жылып, формасын өзгөртө алат.

— Бул роботторду эмнеге колдонсо болот?

— Кичинекей жана жөндөмдүү болгондуктан адам батпаган жерлерге кире алышат. Табигый кырсыктарда жоголгон адамдарды куткаруучулар ит менен издешет. Ал эми бул кичинекей роботтор жер алдына кирип жабыркаган инсандарды табууга көмөктөшөт. Ошондой эле азыр Марска миллиарддаган доллар турган роботтор жөнөтүлөт. Алардын салмагы да оор болгондуктан жеткирүү өтө кымбат. Келечекте мындай кичинекей, жеңил роботтордон миңди жөнөтсөк болот. Жарымы иштебей калса, калганы өз ишин аткара берет. Максатыбыз — жаратылыш менен жасалма интеллектти бириктирип, адамзатка пайдасы тийген нерсе жасоо. Мен докторантурамды бүтүргөндүктөн, балким, кийинки студенттер бул ишти бир жогорку тепкичке алып чыгышаар. Биз колдон келишинче илимий суроолорго жооп таап, робот жасадык.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Жеке планым —  коммерциялык деңгээлге чыгуу. Virtual reality (санариптик чындык — ред.) жана роботехника тармагы боюнча иштөөнү көздөп жатам. Алдыдагы бир-эки жылда илимий изилдөөлөрүмдү бизнес-долбоорлорго ашырууга аракет кылам. Жакшы эмгектерди жарата алсак, андан ары жаңы технологиялардын борбору болгон АКШдагы Силикон өрөөнүнө бара алабыз деп ишенем. Ошол эле учурда илимий кызмат негизги максат катары кала берет. 

Кыргызстанский ученый, доктор наук Федерального политехнического института Лозанна в Швейцарии Женишбек Жакыпов
© Фото / из личного архива Женишбека Жакыпова
Жакыповдун жеке планы — коммерциялык деңгээлге чыгуу. Virtual reality (санариптик чындык — ред.) жана роботехника тармагы боюнча иштөө.

— Жаңы технологиялар, санариптешүү жаатында Кыргызстандын абалы кандай?

— Жалпылап караганда санариптешүүнүн өнүгүп келе жатканын байкоого болот. Мисалы, мен алгачкы компьютеримди 10-класста алгам. Менден беш жаш улуу америкалык кесиптешим жашы жетиге чыкканда колдонуп баштаган экен. Андыктан мурда биз менен башка өнүккөн өлкөлөр арасындагы технологиялык түшүнүктө ажырым чоң болчу. Алардын деңгээлине жетүү үчүн эки эсе көп окуп, иштеш керек эле. Азыр болсо аларда бар нерсе бизде деле жетиштүү. Теңдик бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Бизде деле программалоону, финансыны, англис тилин үйрөнүүдө башкалардай эле шарттар түзүлгөн. Жаңы технологиялар жаатында көптөгөн жеке окуу жайлар ачылыптыр. Балким жалпы түшүнүк жагынан бир аз арттадырбыз. Америкада балдар мен космоско барам десе, бизде прокурор болом деши мүмкүн. Бирок бул деле убакыт менен өзгөрө турган нерсе. Бизден кийин жаңыча ой жүгүрткөн, башкалардан айырмаланган муун келерине ишенем. Себеби азыр досторумдун арасында балдарын жаңы технологияга, жаратмандыкка үндөгөндөр көбөйгөнүн байкадым.

— Биздин өлкөдө илимпоздорго карата мамиле өзгөрүүдөбү?

— Бизде советтик доорду көргөн улуу муундун өкүлдөрү "көп иштесең, кыйналсаң өнүгөсүң" деген түшүнүк менен жашашат. Азыр такыр андай эмес. Кара жумуш менен чогуу акылды, жаратмандыкты чогуу алып кетиш керек. Андыктан илимпоздорго болгон мамиледе өтө чоң өзгөрүү жок. Бизде илимий кызматкерлер тууралуу имидж туура эмес калыптанып калган. Оюбузга дароо эле тасмадагы Шурик келет. Бирок өнүккөн өлкөлөрдө өтө жогору бааланган кесип. Биз да ушул көз карашты өзгөртүүнүн үстүндө иштешибиз керек. Ал үчүн эң негизгиси жалпы окуу деңгээлин көтөрүү зарыл.

Тема боюнча

700 долларга эч ким иштебейт. Кыргызстандык ишкердин Гуанчжоудагы турмушу
4 тил билгениме сыймыктанбайм деле. КРдин атынан БУУга бараткан Батырбекова менен маек
Белгилер:
маек, илимпоз, Швейцария, робот, Технологиялар, билим, илим

ЭҢ МААНИЛҮҮ