02:48 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Экс-депутат ЖК КР V созыва Турсунбай Бакир уулу на переговорах с боевиками Исламского движения Узбекистана в Афганистане

Бакир уулу: шаар кыдыртып, адамдардын башын алган аянтка алып келишти

© Фото / из личного архива Турсунбая Бакир уулу
Коом
Кыскача шилтеме алуу
784401

Өзбекстандын ислам кыймылынын (ӨИК)* согушкерлери Кыргызстанга келгенин, туткундарды барымтага алганын Турсунбай Бакир уулу радиодон уккан. Бир нече аптадан соң ал Кабулда ӨИК колбашчысы Тахир Юлдашев менен туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшкөн.

1999-жылы Кыргызстандын түштүк аймагына Өзбекстандын ислам кыймылы басып кирген. Алар бир нече айылды басып алып, 20 чакты кишини туткунга алган. Радикалдар менен сүйлөшүүнү ошол убактагы парламенттин депутаты Турсунбай Бакир уулу жүргүзгөн.

Экс-депутат ЖК КР V созыва Турсунбай Бакир уулу на переговорах с боевиками Исламского движения Узбекистана в Афганистане
© Фото / из личного архива Турсунбая Бакир уулу
1999-жылы Кыргызстандын түштүк аймагына Өзбекстандын ислам кыймылы басып кирип, бир нече айылдан 20 чакты кишини туткунга алган. Радикалдар менен сүйлөшүүнү ошол убактагы парламенттин депутаты Турсунбай Бакир уулу жүргүзгөн.

— Согушкерлер менен сүйлөшүүгө Афганистанга эмнеге сиз жөнөгөн элеңиз?

— Бир нече киши ӨИК өкүлдөрү тарабынан туткунга алынганын угуп, ал кездеги президент Акаевге жардам береримди билдирдим. Мамлекет башчысы эки апта этибарга албады, анан 15-сентябрда мени чакырды.

Президент менен жолугушууда дагы бир киши — Коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков бар эле. Эки жума аралыгында ӨИК менен бир пикирге келе алышпаптыр, ошондуктан согушкерлер менен андан кийинки сүйлөшүүлөрдү мен жүргүзмөк болдум.

Бир нече күн бою ӨИК саясий кеңешмесинин төрагасы Зубайр ибн Абдул Рахим менен сүйлөштүм. Террорчулар мени менен жеке жолуга турганын билдиришкен. Бул барымтадагыларды бошотуунун тек шарты болчу. Афганистанга аттанууга тийиш элем. Акаев караманча каршы чыгып, биздин коопсуздугубуз камсыз боло турган жерди болжошууну талап кылды. Бирок “кабыл алуучу тарап” айтканынан кайткан жок.

Экс-депутат ЖК КР V созыва Турсунбай Бакир уулу на переговорах с боевиками Исламского движения Узбекистана в Афганистане
© Фото / из личного архива Турсунбая Бакир уулу
Барымтадан жаңы гана куткарылган япон геологдору

— Афганистанга ким менен бардыңыз?

— Президент жаныма өз кишилерин кошуп бергиси келди. Мага го баары бир болчу, бирок Акаев жибере турган кишилердин баары Афганистандагы согушка катышкандар эле. Согушкерлер аны оңой эле билип алышмак, туткундарды куткарууга залакасы тийип калышы ыктымал болчу.

Мурда тажик оппозициясынын курамында согушкан досум бар эле. 1999-жылы ал Ирак элчилигинде иштечү. Ошол жолдош балам Кабулга мени коштоп барууга макул болду.

"Талибандын" өкүлчүлүгү эки гана өлкөдө – Сауд Аравиясы жана Бириккен Араб Эмирлигинде болгон, ошондуктан Акаев менен сүйлөшкөндөн бир нече сааттан соң Дубайга келдик. Канчалык аракет кылсак да "Талибандын" өкүлчүлүгү биздин өтүнүчкө кулак салбады. Эмирликте бир топ күн жүрдүк. Бир жолу биздин бөлмөгө куш тилиндей кат ыргытып коюшуптур. Анда бизди аңдып жатышканы айтылган. “Талибандын” элчиси менен жолугушуу үчүн мейманкананы алмаштыруу зарыл болду.

Эки сааттан кийин «Талибандын» элчиси менен сүйлөшүп отурдук. Барымтадагыларды бошотуу үчүн ӨИК колбашчысы менен жолугушууга Афганистанга барышым керектигин билдирдим. Бул сөзүмдөн улам ал өлкөсүндө террорчулар жоктугун айтып кыйкырып кирди. Мен жарандарыбыздын өмүрү ага байланыштуу экенин түшүндүрдүм. ӨИК тууралуу алгач оозанганымда эле каарын төккөнүнө карабай ал биздин абалыбызды түшүндү. Экөөбүз бирге намаз окудук. Көп өтпөй чогуу келген тажикстандык досум экөөбүз Кабулга багыт алган учакта бараттык.

Ошол рейсте биз менен бирге «Талибандын» министрлери да учкан. Баары сакалчан кишилер, баса, жергиликтүү авиалиниянын стюарды да сакалчан болууга тийиш экен. Учак тоо аралай учкандыгы үчүн жолду катар кыйналдым. Көрсө, бул каршылаштар биздин лайнерди атып түшүрбөшү үчүн аргасыз чара тура.

Экс-депутат ЖК КР V созыва Турсунбай Бакир уулу на переговорах с боевиками Исламского движения Узбекистана в Афганистане
© Фото / из личного архива Турсунбая Бакир уулу
Барымтага алынгандарды куткаруу үчүн Турсунбай Бакир уулу Афганистанга учуп барган. Бул расмий кыргыз бийлигинин көмөгү менен жасалган

— Талибдер менен Кабулдагы жолугушуу кандай өттү?

— Бизди кара желек тагылган жана пулеметтор менен жабдылган жолтандабас минген делегация тосуп алды. Кабулдун көчөлөрү күйгөн учак, танкаларга толгон. Тутанып турган согуштан улам калааны үйүлгөн таштандыдан тазалоонун да кажети жок экен, жыйноого да үлгүрүшпөйт.

Кыска сакалымдан улам талибдер машинеден чыгуума тыюу салышты. Мендейлерди сакалы өскөнчө зынданга салышы мүмкүн экен.

Талибдер меймандос болууну туура көрүштү өңдөнөт, шаарды кыдыртышты. Эң биринчи адамдардын баштарын алган аянтчага алпарышты.

— Террордук топтун кол башчысы жолугууну сизге өзү сунуштадыбы?

— ӨИК башчысы Тахир Юлдашев мени менен жолуккусу келгенин кабарлашты. Талибдер менен Өзбекстан ислам кыймылын тарапташтар деш кыйын. Жергиликтүү өкмөт сүйлөшүүнү биз жашаган мейманканада өткөрүүгө таптакыр каршы чыкты.

Бирок алар айтканыбызга көнүп, биз жолуга турган үйдү ижаралоого уруксат беришти. Жолугушуу өтө турган заңгыраган үйдүн ичине ӨИК өкүлдөрү толгон, ал эми сыртын талибдер кайтарып турушту. Баары тишине чейин куралданышкан. Ал жерде чогуу келген досум экөөбүз тогуз күн турдук.

Экс-депутат ЖК КР V созыва Турсунбай Бакир уулу на переговорах с боевиками Исламского движения Узбекистана в Афганистане
© Фото / из личного архива Турсунбая Бакир уулу
Афганистандагы ирмемдерден бир элес

— Согушкерлер Өзбекстанга өтүп кетүүгө шарт түзүп берүүнү суранганы чынбы?

— Тахир Юлдашев Өзбекстан ислам кыймылы Фергана өрөөнүнө тоскоолсуз чыгышына шарт түзүп берүүнү талап кылган. Алардын Каримовго катуу таарынычы бар эле, ӨИК өзбек президентинин тоталитардык режимин кулатууну көксөгөн.

Ал согушка эч кандай тиешебиз жоктугун түшүндүрүп, эгер ӨИК Каримов менен согушкусу келсе, буга биздин элди аралаштырбоону айттым. Узакка сүйлөштүк, Юлдашев айтканынан кайтпады. Кабулда бир топ күн жүргөнүбүздөн эч натыйжа чыкпай калчудай. Жолдош балам Юлдашев дипломатиялык тилди түшүнбөсө, анда курандын тили менен сүйлөшүүгө өтүүгө кеңеш берди. Чындап эле пайдасы тийди!

Бир нече сааттан соң Юлдашев Жумабай Наманганиге (Кыргызстандагы ӨИКнын согуштук аракеттерин тескеген киши) телефон чалып, биздин өлкөдөн чыгып кетүүнү буюрду. Аны менен бетме-бет кезиккенимде алардын андан аркы кадамдары баяндалган каттарды тапшырарымды айтты. Коштошуп жатып Юлдашев эгер Каримовдун аракеттерине кайдыгер карай турган болсок, Кыргызстанга жихад жарыялай турганын эскертти.

Экс-депутат ЖК КР V созыва Турсунбай Бакир уулу на переговорах с боевиками Исламского движения Узбекистана в Афганистане
© Фото / из личного архива Турсунбая Бакир уулу
Турсунбай Бакир уулу Тажикстанда жасалган атайын операция учурунда

— Маектериңиздин биринде артыңыздан аэропортко “Талибандын” жаалданган өкүлдөрү келгенин айтыпсыз. Алардын ачуусу эмнеге келиптир?

— Аэропортко ачууланган талибдер келди. Аябай ызырынып алышкан. Президент Аскар Акаев бир маегинде Афганистанда согушкерлер менен сүйлөшүүнү менин жүргүзүп жатканымды айтыптыр. Талибдер бизге кыжыры кайнады, барымтадагыларды куткарууга Турсунбек Акундун да өз алдынча киришкени абалды ого бетер курчутуп жиберди. Ал Пакистан аркылуу “Талибан” өкмөтүнө чыгууга тырышат, майнап чыкпайт. Ошондой аракеттери менен ал менин ишимди аксатты, афган бийлигин ачуулантты. Кыргызстандан ысымдары окшош эки киши — Турсунбай Бакир уулу жана Турсунбек Акун дал бир убакта Кабулга кирүүгө аракет кылганын көрүп, талибдер бул жагдайдан кыйкым издеп туруп алды...

Анан мени Юлдашевдин үйүнө алпарышты. Байлап коюшту, өлтүрө тургандарын айтышты. ӨИК өкүлдөрү да жаалданып алышкан. Себеби ошол тушта Кыргызстандагы согушкерлер кирген жерлерди бомбалашкан болчу. ӨИК бул биздин аскерлердин аракети деп ойлоп алат.

Туңгуюкка кептелдик, Бишкекке Акаевге телефон чалууга Юлдашевди араң дегенде көндүрдүм. Ошондой кыйчалыш убакта мага эмне деп жооп берди дебейсизби? "Президент үйүнө кетти, иш убактысынан сырткары аны менен байланышууга тыюу салынган. Жакшы калыңыз!" — деди да телефонду коюп салбаспы катчысы. Кудай жалгап, улуттук коопсуздук министри Жанузаков менен байланыштым. Ал Афганистандан качууга кеңеш берди. Анан бомбаны Өзбекстан таштап жатканын, аны токтотууга мүмкүн эместигин кошумчалаган.

Акыркы үмүтүм япон журналисттеринде эле. Алар Баткендеги кырдаалга тыкыр көз салып турушкан, анткени барымтага япон геолог-чалгынчылары да алынган. Кабулга кетерден мурун чет элдик журналисттер мага маалымат менен бөлүшкүм келсе деп телефон номурларын беришкен эле. Журналисттерге ким бомбалаганын айтып бердим. Ал туурасында чагылдырууну өтүндүм, антпесе, ӨИК кескин кадамдарга бармак. Медиа ал маалыматты жарыялаганда Өзбекстан чабуулун токтоткон.

Бизди кое беришти, биз Тажикстанга Жума Намангани менен жолугууга жөнөдүк. Ага аманат каттарды тапшырдым. Сүйлөшүүдө ал беш гана кишини бошоторун, башка туткундарды ал кийин кое берерин билдирди.

Экс-депутат ЖК КР V созыва Турсунбай Бакир уулу на переговорах с боевиками Исламского движения Узбекистана в Афганистане
© Фото / из личного архива Турсунбая Бакир уулу
Сүйлөшүүлөрдүн учурунда тартылган сүрөт

— Барымтадагылар менен сүйлөшө алдыңыз беле?

— Генерал Шамкеев мурда-кийин тааныш болбосок да, мени жакын досундай тосуп алган. “Туке!” – деп алдыма чуркап келген. Сүйлөшүп жатып аскер киши көзүнө жаш да алган, тезирээк туткундан куткарууну суранган.

Туткундарды аябай кыйнашыптыр. Биринчи эле күнү аларды баштарын жерге салаңдата буттарынан асып, кабыргаларын сындырышкан. Андай көрүнүш улам кайталанып турган. Беш маал намаз окууга мажбурлашкан. Эгер генерал менен чет элдиктерди куткарып кетсек, барымтадагы калган карапайым кишилер унуткарылары турган иш эле. Шамкеевге туткунда дагы бир аз калууга туура келерин түшүндүрдүм.

Анын өлүмү туурасында ушак кептерди төгүндөө үчүн тасмага тартып алдык. Анан беш кишини алып, коопсуз жайга жеткирдик. 19-октябрда калгандарын куткарып алдык.

— Баткен каргашасында ӨИК согушкерлерине Кыргызстан канча кун төлөгөн?

— Акчаны бөлөк кишилер аркылуу беришкен. Биринчи туткундар үчүн согушкерлер 50 миң доллар талап кылышкан. Өкмөт 150 миң доллар чогултканын уккам. Бирок ӨИК талабына жараша гана сумманы алган. Калган сумманын, 100 миң доллардын, кайда жумшалганын билбейт экенмин.

Ошондо бир нече миллион доллар кымтып алынганын эшиткем, бирок ал акча кимдерге тийгенин азыр болжоп гана айтууга болот. Жеке мен согушкерлерге бир дагы тыйын берген эмесмин.

Экс-депутат ЖК КР V созыва Турсунбай Бакир уулу на переговорах с боевиками Исламского движения Узбекистана в Афганистане
© Фото / из личного архива Турсунбая Бакир уулу
Баткен окуясынын ызгаарын тартып, ошол кезде түрдүү кырдаалга туш болгон адамдар

— Бул окуянын каармандарынын тагдыры эмне болду?

— Япондорду дароо мекенине алып кетишкен. Биздин өлкөдөгү өкүлдөрү ал окуяны эстегиси келбейт. Акаев кайда экенин баары билет, Жанузаков азыр Кыргызстанда жашайт. Мага жардам берген досум 1999-жылы каза болуп калды. Шамкеевдин да көзү өтүп кетти. Калгандары менен кээ-кээде телефон чалышып калам. Алардын башынан оор мүшкүл өткөн.

Баткен апаатында 54 кыргызстандык шейит болуп, кеминде 64 согушкер жок кылынган. 1999-2000-жылдардагы каргашанын күбөлөрүн табуу үчүн Sputnik Кыргызстандын чыгармачыл тобу Баткен облусунун эң ыраак кыштактарын да кыдырып чыккан. Бир топ адамдын өмүрүн кыйып, бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салган ошол эки жыл аралыгында окуялар туурасында биздин макалалардан окуңуздар.

Тема боюнча

“Теримди тирүүлөй сыйрышкан...”. Баткен коогалаңынын айтылбаган баяндары
Белгилер:
акча, барымта, жоокер, Баткен, Турсунбай Бакир уулу

ЭҢ МААНИЛҮҮ