Нурзат Токтосунова: эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай баратабыз

© Фото / из личного архива Нурзат ТоктосуновойАлып баруучу Нурзат Токтосунова
Алып баруучу Нурзат Токтосунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн маданий ири иш-чараларын кыргыз тилиндеги бөлүгүн көп учурда Нурзат Токтосунова алып барат. Ага суктанып, көз арткан да, көрө албай бут тоскондор да толтура дейт алып баруучу.

Балалыгы кой, музоо кайтарып өтсө дагы өжөрлүгү менен өлкөнүн алдыңкы алып баруучусуна айланган Токтосунова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы баарлашты.

Алып баруучу менен ар кыл темада сүйлөштүк. Жеке жашоосуна көп басым жасабоону сурангандыктан, ал темадан айланып өтүүгө туура келди.

— Алып баруучу болуу бала кезиңизден берки кыялыңыз беле?

— Жок. Эч качан алып баруучу болом деп ойлогон да, кыялданган да эмесмин. Ишенесиздерби, алып баруучу деген кесип бар экенин 11-класска чейин, атургай 4-курсту бүткөнгө чейин билбептирмин. Андай амбициям да жок болчу. Мугалимдиктен башка эмне кылса болорун деле ойлобоптурмун. Балалыгым уй, музоо издөө менен эле өттү. Музоо издеп караңгыга калсам караңгыдан эмес, апамдын таягынан коркчумун. "Бу-тиги маселе чечилсе" деген көйгөй менен эле чоңойдук. Азыркы жаштар бактылуу. Кыялданышат, ага жетиш үчүн максат коюшат.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНурзат Токтосунова: балалыгым уй, музоо издөө менен эле өттү. Музоо издеп караңгыга калсам караңгыдан эмес, апамдын таягынан коркчумун. "Бу-тиги маселе чечилсе" деген көйгөй менен эле чоңойдук.
Нурзат Токтосунова:  эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай баратабыз - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: балалыгым уй, музоо издөө менен эле өттү. Музоо издеп караңгыга калсам караңгыдан эмес, апамдын таягынан коркчумун. "Бу-тиги маселе чечилсе" деген көйгөй менен эле чоңойдук.

— Анан кантип алып баруучу болуп калдыңыз?

— Кокусунан. Республикада өткөрүлгөн кыргыз тили боюнча олимпиаданы жеңип алып, Ататүрк-Ала-Тоо эл аралык университетинин эр аралык мамилелер факультетине тапшырдым. Негизи кесибим боюнча экономистмин. Экономистти алып баруучу кылган китеп, адабий чыгармалар болду окшойт. Мектепте билим алып жүргөн кезде аябай көп китеп окудум. Ошол запасым көп нерсеге жардам берди. 

— Топ кишинин ичинен деле суурулуп чыгуу оңой болбосо керек?

— Иштин майын чыгармайынча өзүмө ыраазы болбойм. "Эптеп-септеп" деген нерсени жаман көрөм. Мектепте окуп жүргөндө эле жоопкерчилик мен үчүн 1-орунда турчу. Алып баруучу болуп иштеп баштаганда сөзгө сындырып, бут тоскондор көп болду. Бирок мени колдогон кыз да, эркек да досторум арбын. Телевидениеде иштеп жүргөндө жумуштан кетирүүгө аракет кылгандар чыкты. Бирок чогуу иштешкен команда "Нурзат кетсе, биз да кетебиз" деп туруп алышчу. Чоң-чоң фестиваль, иш-чараларды алып барарда сахнага чыгаргысы келбей жолумду торогондор болду. Бир ирет "Ысык-Көл кечтери" деген фестивалды алып барып калдым. Биринчи күнү жакшы эле чыккам. Экинчи күнү мени алып баруучулардын тизмесинен чийип салышыптыр. Фестиваль башталаарда эле Эрмек Нурбаев келип "Cени тизмеден чийип салыптыр, бирок кабатырланба, менин сөзүмдү ал, мен болсо кол чабыңыздар деп турам" деген.

Мына ушундай нерселер да өткөн. Мен ал кишилерди жакшы билем. Бирок сынган жокмун, тескерисинче быштым, такшалдым, курчудум.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурзат Токтосунова: алып баруучу болуп иштеп баштаганда сөзгө сындырып, бут тоскондор көп болду.
Нурзат Токтосунова:  эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай баратабыз - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: алып баруучу болуп иштеп баштаганда сөзгө сындырып, бут тоскондор көп болду.

— Бир жолу телевизор карап отуруп,  айылыңызга барып ата-эне, бир туугандарыңыз менен тартылган видеоматериалды көрүп калдым. Ошондо атаңызды барып мойнунан кучактаган жерин көргөндө жашыган элем. Атанын баркын көзү өткөндө билет турбайбызбы...

— Ал видео көп адамды ыйлатты. Азыр да эстеп көзүмө жаш тегеренип кетти. Атам 84 жашында дүйнө салды. Бирөөгө да катуу айтпаган, баарын кечирген, эл адамы болчу. Бүгүн болгон таарынычты бүгүн кечирчү. 80ден өтүп калганда улак тартып, өмүрү таңкы саат 5тен кеч турбаган адам эле. Арак ичип келсе да таңкы 5те туруп кетчү. Эмгекчил, мээнеткеч жан эле. Убагында жаштык менен билбей "атам үйгө аны-муну алып келбейт" деп таарына берчүбүз. Менин кайсы окуу жайда окуганымды деле билбей калды. Кийин чоңоюп психологияны окугандан кийин аны түшүндүм. Бири-бирибизди кечиришип, жакшы күндөрдө кеткенине кубанычтамын.

— Ошол видеодо 100 жаштан ашкан таенеңизди да көрсөттү эле. Негизи эле үйдө чоң ата, чоң апа, таене, таяталардын болгону кандай жакшы. Алардын айткан сөзү өзүнчө эле насаат, тарбия эмеспи.

Диктор, телеведущий Расул Багышбаев - Sputnik Кыргызстан
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар...
— Таенемдин да быйыл көзү өтүп кетти. Кыргыздын философиясы терең экен да. Бир жолу Калмыкиядан тааныш кызым келип калды. Көчмөндөр оюну жагып калып, экинчисине да келиптир. Көк бөрүнү көргөнү барып, ал жактагы элдин көбүн, улакчыларды сүрөгөнүн көрүп таң калып, ыйлаптыр. "Бир убакта төрт кичине баласын ээрчиткен ата келди" дейт. "Кичинекейин колуна көтөрүп алыптыр, баягы улакчылар тай казанга улакты салганда чоң ата балдары менен кошо кыйкырып, сүрөп жатканын көрүп боздоп ыйладым" деп жатпайбы. "Ушунчалык патриот эл экенсиңер, ак калпагын кийген аксакалдар улакчыларга өзүнчө дем берип отурушту. Силерде эркек, атанын тарбиясы деген нерсе бар экен" деген эле. Бар болчу, бирок жоголуп баратат. Бабалар калтырган нерсеге кайтпасак, акырыбыз жаман болот.

Илгери таенем "ал кишиге кантип сөз тийгизебиз" деп айтчу. Элестетиңиз, мурда аялдар эркектерге, улууларга сөз тийгизчү эмес. Азыр керек болсо эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай жатабыз. Демек, аялдар ордубузду унутуп баратабыз. Аларды көтөрмөлөгөндө гана өсөрүбүздү моюнга алуу керек.

© Фото / из личного архива Нурзат ТоктосуновойНурзат Токтосунова: азыр керек болсо эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай жатабыз. Демек, аялдар ордубузду унутуп баратабыз. Аларды көтөрмөлөгөндө гана өсөрүбүздү моюнга алуу керек.
Нурзат Токтосунова:  эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай баратабыз - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: азыр керек болсо эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай жатабыз. Демек, аялдар ордубузду унутуп баратабыз. Аларды көтөрмөлөгөндө гана өсөрүбүздү моюнга алуу керек.

— Антейин десең айрым эркектер өздөрү майдаланып кеткендей...

— Биз майда кылып салдык. Жанталашып "сенден көп акча табам" деп кыйын болуп, башына чыгып атпайбызбы. Сыйды билбеген эркектер да бар. Бирок көп учурда аял ордун билип, эркекти сыйлаганда гана алар өзүн коомго керек деп санап, өсөт.

— Кесибиңизге байланыштуу суроо узатсам. Алып баруучулук кесип баары бир жаштык, сулуулукту талап кылат эмеспи. Жашыңыз өткөндө сахнадан четтеп калуудан коркпойсузбу?

— Акылдуу адам өз ордун, дараметин билет. "Жаш, сулуу көрүнөт элем" деп сахнаны бербей жүрө берген туура эмес. Улуу улуудай, кичүү кичүүдөй болушу керек. Байкасаңыздар, акырындык менен окуучуларыма сахнаны бошотуп жатам. Алар менен теңтайлашып жүргүм келбейт. Кезинде мен да билбестик кылдым, бирок көп ийгиликке жеттим. Негизи аялдар бир нерсени далилдегенди жакшы көрөбүз. Бирок кеп карьера же сахнада эмес экенин азыр түшүндүм. Бул жашоонун маңызы бактылуулукта. Ал эми бактылуулук — бардык нерсеге шүгүр кылуу.

— Биринчи жолдошуңуз менен жашап жүргөндө азыркыдай көз карашта болсоңуз ажырашмак белеңиз?

— Жок, ажырашмак эмесмин. Чынын айтсам, ал убакта батирден батирге көчүп тажагандан үй, унаа алгым келген. Бир нерсеге бат жетким келген. Ал убакта максималист экенмин. Тоону томкором, ойду омкором деп өрт болуп күйүп тургам. Жашоодо аксадым, бирок ал мага карьера жасап берди. Бирөө болбосо, бирөө болот экен.

© Видео / из личного архива Нурзат ТоктосуновойНурзат Токтосунова: Максат "ашып-ташкан байлыгым деле жок, бирок мен сизди бактылуу кылам", - деп туруп алды.
Нурзат Токтосунова:  эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай баратабыз - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: Максат "ашып-ташкан байлыгым деле жок, бирок мен сизди бактылуу кылам", - деп туруп алды.

— Азыркы жолдошуңуз Максат Надырбеков сизден кичүү экенин билебиз. Колуңузду сураганда кандай кабыл алдыңыз, көпкө ойлондуңузбу?

— Жок, көпкө ойлонгон жокмун. Анүстүнө апам дагы "Бирөөнү кармап турмушка чыксаң боло, тойдон чыгып келе жатканда бирөө торойто чаап кетпесин" деп санааркай берчү. Колумду сурагандар деле көп болгон жок. Мени бой көтөргөн кыз, бул мага күн көргөзбөйт деп ойлошчу го (күлүп). Бирок андай эмес, ар бир адамдын ачкычын таап алсаң, ал сага жакшы аял болуп берет. Максат: "Ашып-ташкан байлыгым деле жок, бирок мен сизди бактылуу кылам", - деп туруп алды. Акча адамды бактылуу кылбайт, тобокел кылып колун кармап кете бердим.

— Үйдөгүлөр кандай кабыл алды?

— Баары каршы болду, дүйнө каршы болду. "Ал сага үйлөнүп, атак-даңкка жеткенде таштап кетет" деп айткандар чыкты. "Мейли, таштаса аны да көрөйүн" дедим. Анткени баарын убакыт көрсөтөт. "Жаманга өмүр бою кор болгончо, жакшыны бир кайрылып өпкөн артык" деген апамдын жакшы сөзү бар. Максат сөзүнө турат деп ишенем.

— Баса, кеч болсо да куттук айтып коелу. Бешик бооңуздар бек болсун! Кызыңар кандай чоңоюп жатат?

— Кудайга шүгүр, баары жакшы.

— Көптөн күткөн наристеңиздер...

— Ооба. Бирок наристем тууралуу деле көп айткым келбейт. Баары жакшы. Мага окшоп балалуу болгусу келип жүргөндөр үмүт үзбөсө, сөзсүз балалуу болушат.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНурзат Токтосунова: аялдар азыр күлүп, бир айда бир жолу күйөөбүздү ээрчитип тойго барган менен ичибизге ит өлүп калган. Андай үй-бүлө толтура.
Нурзат Токтосунова:  эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай баратабыз - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: аялдар азыр күлүп, бир айда бир жолу күйөөбүздү ээрчитип тойго барган менен ичибизге ит өлүп калган. Андай үй-бүлө толтура.

— Биз билгенден сиз алып баруучуларды даярдаган мектеп ачып, андан бир топ алып баруучу, журналисттер тарбияланып чыгып атат.

— "Нур" мектебин биринчилерден болуп бүтүргөн окуучуларыбыз мамлекеттик иш-чараларды алып бара башташты. Демек, бул жакшы көрсөткүч. Ал мектепти кыйындыгыман ачкан жокмун. Көп нерсени кошо үйрөндүм, акыл топтогонго жетиштим. Бир жолу телевидениеде иштеген бир эже "Нурзат, сен мектеп ачыптырсың го" деп сурап калды. "Ооба, эже" десем эле "Биринчи өзүң үйрөнүп албайсыңбы" деп басып кетти. Аябай жаман болдум. Жанымда Эркин Рыскулбеков бар болчу, ыйладым. Ал мени сооротуп "А киши бул тармакта 40-50 жыл иштеди. Өзүнүн билими өзү менен кетет. Билген нерсени бөлүшүш керек. Сен туура эле кылып жатасың" деген. Чын-чынына келгенде мен ал мектепте сабак деле берген жокмун. Ишин мыкты билген кесипкөй адистер, мугалимдер сабак берди. Мен болгону менеджердин милдетин аткардым. Көрө албагандар гезиттерге чейин "Ушу кенедей кыз эмнени үйрөтөт экен, ашмалтайын чыгармай болду" деп жазып да жүрүштү. Кулагымды жапырып иштей бердим. Элге "ушак, каралоо сөздөргө убактыңыздарды коротпоңуздар" деп айтаар элем. 

— Ал мектепке алып баруучу болгусу келгендин баары окуй алабы?

— Башында балдар-кыздарды кастинг менен алчубуз. Бир күнү бир бала келип "Эже, ушуну менен үчүнчү жолу келип жатам. 25 жаштамын, ширетүүчү болуп иштейм. 9-класстан кийин окуган эмесмин. Азыр китеп окуп, өзүмдү өнүктүргүм келет, бирок эмне китеп окушту билбейм" деп жатпайбы. Анда чогуу иштеген эже "Жогорку билим ала албай калган, тигүү цехинде, базарда иштегендер канча" дегенинен кастингди жоюп салганбыз. Азыр биздин мектеп алып баруучуларды эле даярдабай, өзүн-өзү өнүктүрүүгө басым жасап калды. Мектеп "Ораторлук чеберчилик жана инсандык өнүгүү" деп аталат. Башкача айтканда, мотивация бере турган жай. Ал жакка 40-50 жаштагы аял-эркектер да, жаштар да келе алат.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурзат Токтосунова: азыркы жаштар кыйын. Аларга кеңеш бербесең деле өздөрү билет. Көздөгөн нерсесине жеткен, бетке айта алган, өз маселесин чече алган өрт жаштар келе жатат.
Нурзат Токтосунова:  эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай баратабыз - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: азыркы жаштар кыйын. Аларга кеңеш бербесең деле өздөрү билет. Көздөгөн нерсесине жеткен, бетке айта алган, өз маселесин чече алган өрт жаштар келе жатат.

— Мотивация деп калдыңыз. Азыр адамдар бири-бири менен аз баарлашып калды. 5-10 жылдан кийин ар бир адам психологго муктаж болуп калса керек...

— Азыр эле муктаж. Мурда психологго баргандан эл уялчу. Убагында мен да баргам. Ошол адамдардын жардамы менен өзүмө келгем. Анын эч уяты жок, муну моюнга алышыбыз керек. Аялдар азыр күлүп, бир айда бир жолу күйөөбүздү ээрчитип тойго барган менен ичибизге ит өлүп калган. Андай үй-бүлө толтура. Инстаграмдан канчалаган аял көйгөйүн жазат, кеңеш сурайт. Ушундан улам биз жакында "Энелер мектеби" деген борбор ачканы жатабыз. Ал жакта аялдарга кыргыз тилдүү психологдор сабак өтүп, кеп-кеңешин берип, баарлашат. Мындан сырткары, Жазгүл Жаманкулова деген кыйын адам бар. Ал азыр "Нур" мектебинде коуч болуп иштеп келет. "Тың кыргыз" деген абдан керектүү китеп чыгарды. Көп адамга пайдалуу болот деп ойлойм. Ошол адам дагы энелер мектебинде тренинг өтөт.

Төрт баланын энеси Аида Байтикова балдары менен - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Канаттын апасы Аида: төрт баламды жалгыз чоңойтуп жатам
Негизи кыргыздар бир нерсе үйрөткөндү жакшы көрөбүз. Бирок аны өзүбүз жасабайбыз. Өзүбүздөн 2000 сом аяйбыз. Атургай өзүңө жаккан бир чөйчөк кофе ала албайсың. Аялдар күйөөсү эмне тамак жакшы көрөөрүн билет, бирок өзүнө кандай тамак жагарын билбейт. "Балам" деп жашашат. Бирок өзүң үчүн ким жашайт? Энелер мектебин ачып жаткан себебибиз да ушунда. Жумасына бир-эки жолу болсо дагы аялдар ошол жерге келип бири-бири менен баарлашып, тажрыйба алмашып, психолог менен сүйлөшүп кетет. Максатыбыз — аялдардын жан дүйнө гармониясын табууга жардам берүү.

— Ийгиликке жеткен адам катары жаңы өсүп келе жаткан муунга кандай кеңештерди берет элеңиз?

— Азыркы жаштар кыйын. Аларга кеңеш бербесең деле өздөрү билет. Көздөгөн нерсесине жеткен, бетке айта алган, өз маселесин чече алган өрт жаштар келе жатат. Ушунуңардан жазбагыла, болгону китепти көп окугула деп гана айткым келет.

— Китеп көп окуйм деп калдыңыз. Сизге жаккан чыгармаларды да атай кетесизби?

— Жогоруда экономистти алып баруучу кылган китеп деп айтып кетпедимби. Окуучу кезде китепти аябай көп окудум. Ошол запас менен 10 жылдай иштедим. Тамада болуп жүргөндө китеп окуганга убактым деле жок болчу. Акыркы үч жылдан бери кайра китепти колго алып, бошоп, каңгырап калган жан дүйнөмдү толтуруу менен алек болуп жатам. Бала менен отурсам да китеп окууга убакыт табуудамын. Анткени үч баласын уктатып, төртүнчүсүн бешикке бөлөп коюп китеп окуган энелерди билген үчүн шылтоо айткым келбей калды. Негизи эле кыргыздар наалыбай, анан шылтоо айтпай калганда оңолобуз.

"Сынган кылыч", "Келкел" романдарын окугандан тажабайм. Мындан сырткары, "Айтматовдун чыгармачылыгы жана жашоосу жөнүндө факты жана цифралар" деген китеп да абдан жакты. "Каар заман", "Тың кыргыз" китептерин да айта кетпесем болбойт.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурзат Токтосунова: акыркы үч жылдан бери кайра китепти колго алып, бошоп, каңгырап калган жан дүйнөмдү толтуруу менен алек болуп жатам.
Нурзат Токтосунова:  эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай баратабыз - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: акыркы үч жылдан бери кайра китепти колго алып, бошоп, каңгырап калган жан дүйнөмдү толтуруу менен алек болуп жатам.

— Азыр алып баруучулардын баары эле тамада  болуп кетти. Байкасак, сиз көбүнчө аттуу-баштуулардын жакшылыктарына кызмат кыласыз?

— Алып баруучу болуп иштеп жүргөндө той алып барууга сунуш түшүп калды. Карасам акчасы жакшы экен. Атайын аттуу-баштуулардын тоюн алып барам деп тандабайм. Белден ылдый нерселерге басым жасап, оюн деле көп ойното бербейм. Ошол себептен балким мени "скромный" адамдар тандайт болуш керек. Бири-биринен угуп, алып барганымды көрүп, анан чакырышса керек.

Алып баруучу Нуркыз Караева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Нуркыз Караева: гүлдөп турган доорумда эки партиядан сунуш түшкөн
Акыркы үч жылдан бери той алып барганды азайттым. Тамада болгон себебим - үй, унаа алып, каржылык муктаждыкты толуктап алуу болчу. 10 жылга чукул тынбай, айдын башынан аягына чейин той алып барчумун. Бул жумушту кээ бири оңой көрөт. Ырчы болсоң жаздырган ырыңды барып ырдап кетет экенсиң. Тамада болгондо ар бир жакшылыкка өзүнчө программа жазып даярдануу керек. Ал жерде ар кандай адамдар болот. Кээде той ээлери ажырашып кеткендер болот, биринчи, экинчиси болуп, эки аялы тең келип алат. Биринчи, экинчи күйөөлөрү "сөздү мен баштайм" деп микрофон талашкан учурлар кездешет. Андайда баарын жайгарып, күлүп-жайнап, эч нерсе болбогондой конокторго кызмат кылыш керек. Күндө иштеп, роботтой эле болуп калгам. Балким, ошол себептен да төрөй албай жүрдүм окшойт.

— Азыр таптакыр той алып барбай калдыңызбы?

— Бирин-серин чыгып турам. Бирок мурдагыдай эмес. Мурда айдын 1инен 30уна чейин жаным тынчу эмес.

— Гонорарыңызчы?

— 600 доллар. Кээде андан ашык төлөгөндөр болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0