Эл каттоо: Улуттук статистика комитети элден сунуш күтөт

Жазылуу
Эл каттоо — БУУнун сунушу боюнча ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистиктери тарабынан жүргүзүлө турган ири масштабдуу изилдөө.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. 2020-жылкы эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды кандай форматта алгыңыз келет? Мындай сунушту жарандардан Улуттук статистика комитети күтүп жатат.

Ведомствонун маалыматына караганда, буга чейинки 1999 жана 2000-жылкы эл каттоолордун жыйынтыгы жалаң кагаз түрүндө жарыяланчу.

"Бул жолу жыйынтыкты Excel форматында көп сандаган таблицалар жана инфографикалар менен электрондук вариантта чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок маалыматтардын бир бөлүгү баары бир кагазга басылып чыгат. Ушуга байланыштуу Улуттук статистика комитети жыйынтыкты жайылтуунун ыңгайлуураак форматын издеп, жарандардан ой-пикир күтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Старший специалист сектора топонимики и регистрации памятников ведомства Жылдыз Талантбекова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Талантбекова: 2020-жылга чейин Бишкектеги бардык көчөлөргө аталыш берилет
Каалоочулар өз сунушун r.chynybaeva@stat.kg, l.torgasheva@stat.kg, ATukasheva@stat.kg, elkattoo2020@gmail.com даректерине жөнөтсө болот.

Эл каттоо — БУУнун сунушу боюнча ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистиктери тарабынан жүргүзүлө турган ири масштабдуу изилдөө.

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо боюнча иш-чара 2020-жылдын жаз айларында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0