Бишкекке катуу шамал жакындап келе жатат

Жазылуу
Мэрия коопсуздук үчүн жарандарды унааларын дарактардын жана жеңил курулуштардын жанына токтотпоого чакырат.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында эки сааттын ичинде катуу шамал болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетиши мүмкүн.

Мэрия коопсуздук үчүн жарандарды унааларын дарактардын жана жеңил курулуштардын жанына токтотпоого чакырат.

Чукул маалыматтар болсо 1840 жана 1850 кыска номерлерине кабарласаңыздар болот. Ошондой эле видео жана сүрөттөрдү 0554 -182-185 номерине жөнөтүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0