Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТалаа. Архив
Талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаай турганы белгилүү болду. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча жалпы жонунан күн жылуу болот.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бейшемби, 11-октябрда, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Күндүн табы Чүй жана Талас облустарында +20…+25, Нарында +14...+19 жана Ысык-Көл аймагында +15...+20, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28 градус болот.

Бишкекте жамгыр жаайт, Ош шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы борбор калаада +22...+24 жана Ошто +24…+26 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0