01:16 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Кишенделген адам. Архив

Милиция: "Коопсуз шаардын" камерасын талкалаган киши кармалды

© AFP 2019 / FRED DUFOUR
Коом
Кыскача шилтеме алуу
167 0 0

Камера 7-апрель менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Чыгымдын суммасы 500 долларды түзгөн.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкекте 8-август күнү болгон башаламандык учурунда бейбаштык кылды делген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

"Вега" компаниясынын өкүлү милицияга кайрылып, 8-август күнү саат 4.24тө белгисиз адамдар "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган видеокамераны иштен чыгарганын айтып, арызданган. Камера 7-апрель менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Чыгымдын суммасы 500 долларды түзгөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 23 жаштагы киши кармалды. Учурда милиция башаламандыктын башка катышуучуларын издеп жатат.

Эскерте кетсек, 7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок тарапташтарынын каршылыгынан улам ишке ашкан эмес. Эртеси, 8-августта, укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Шабданов: "Коопсуз шаардан" бюджетке 260 млн. сом түштү
"Коопсуз шаардын" II этабын ишке ашырчу кытай компаниясы тууралуу 5 факты
Белгилер:
шектүү, камера, Коопсуз шаар, милиция

ЭҢ МААНИЛҮҮ