23:50 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2820
  • RUB1.0961
Бишкек шаардык криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангуловдон ок жеген жаран

Мени аткан милиционерге дооматым жок. Ок жеген жабырлануучу үн катты

© Sputnik / Бактияр Бердибеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
134820

Жабырлануучунун колу бинт менен таңылып жүргөндүгүн көрүүгө болот. Ал саламаттыгы жакшы болбой, өзүн анча эмес сезип жатканын айтты.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кечээ, 9-октябрда, Бишкек шаардык криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангуловдон ок жеген жаран эч кимге эч кандай дооматы жок экендигин билдирди. Бул тууралуу жабырлануучу Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Эске салсак, буга чейин Амангуловдун 9-октябрда жол талаша кетип, айдоочуну атып жибергени жана анын ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Жабырлануучу журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып, бирок аны аткан кишиге эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

"Кечээ эч кандай доом жок деп арыз жазып бердим. Мага эч ким басым көрсөткөн жок. Бул чечимди өзүм кабыл алдым", — деди ал.

Жабырлануучунун колу бинт менен таңылып жүргөндүгүн көрүүгө болот. Ал абалы жакшы болбой, өзүн анча эмес сезип жатканын айтты.

Бишкек шаардык милициясы кийинчерээк милициянын ок чыгарганы боюнча маалымат таратып, "жолдогу жаран милиция кызматкерине кол салуусун токтотпой койгондуктан, Амангулов айдоочу Ж.А. тарапка ок чыгарган" деген негиздемесин айткан.

Бүгүн милиция Амангулов боюнча кызматтык иликтөө башталгандыгын кабарлады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Маалымат булагы: Бишкекте милиция жетекчиси жолдогу айдоочуга ок чыгарган
Сокулук милициясынын тергөөчүлөрү жаңы жетекчисине нааразы. Окуя эмнеден ырбаган?
Белгилер:
ок атуу, айдоочу, милиция, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ