Милиция жардам сурайт! Адам өмүрүнө забын болгон айдоочу изделүүдө

© Фото / Pixabay / Michal JarmolukСлучаи ДТП
Случаи ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-октябрь күнү белгисиз айдоочу 26 жаштагы кишини коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу көз жумган. Учурда шектүү изделип жатат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы адам өмүрүнө забын болгон айдоочуну табышууга элден жардам сурап жатат.

ДТП на пересечении улиц Токомбаева и Шералиева - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери жол кырсыгынан 500дөн ашык киши каза болду
Маалыматка караганда, 8-октябрга караган түнү саат 02.00дөр чамасында Александровка — Асылбаш жолунун 7-чакырымында белгисиз айдоочу 26 жаштагы кишини коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу көз жумган. Учурда унаанын үлгүсү дагы белгисиз болууда.

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуяга күбө болгон адамдар болсо 0312 44-64-22, 0707 75-87-20 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0