Air Manas бүгүн дагы Бишкек — Ош жана Ош — Бишкек каттамдарын токтотту

Жазылуу
Бүгүн Бишкектен Ошту көздөй барып кайра келчү алты каттам токтотулду. Алар таң аткандан түн ортосуна чейин аткарылышы керек болчу.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Техникалык себептерден улам Air Manas авиакомпаниясы бүгүн, 10-октябрь күнү, Бишкек — Ош жана Ош — Бишкек багыты боюнча аткарылчу алты каттамын токтотту. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин ушул эле компания каттамдарын 25-сентябрь күнү дагы аткарбай койгон эле. Кечээ, 9-октябрда, дал ушундай көрүнүш болгон, бирок так себеби айтылган эмес.

Токтотулган каттамдар:

  • Саат 7.35те Бишкектен уччу 193-каттамы;
  • Саат 9.50дө Оштон уччу 194-каттамы;
  • Саат 18.45те Бишкектен уччу 195-каттамы;
  • Саат 20.50дө Оштон уччу 196-каттамы;
  • Саат 23.00дө Бишкектен уччу 201-каттамы;
  • Саат 1.00дө Оштон уччу 202-каттамы;

Компания буга чейин билетти башка каттамдарга алмаштырып же акчасын кайтарып берүүнү убадалаган.

Ал эми калган Avia Traffic жана Tez Jet компаниялары штаттык режимде иштеп жатышат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0