Кышкысын Кыргызстандын бардык ашууларында кар тазалоочу техника болот

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпысынан 30 ашуу тилкеси бар. Алардын 28и жайы-кышы колдонулат. Экөөнү кыш мезгилинде жаап коюшат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кышкысын Кыргызстандагы 28 ашууга кар тазалоочу техника коюлмакчы. Азыр аларды оңдоп-түзөп, кышта иштөөгө ылайыктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Бардыгы болуп ашууларга 502 техника жөнөтүлсө, ушул тапта алардын 396сы ишке жарамдуу. Калгандары оңдолуп, даярдалып жатат.

"Учурда жол тайгагына каршы каражаттар, атайын техникалар үчүн күйүүчү жана майлоочу майлар дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми кыш мезгилинде ашууларда иштөөчү кызматкерлердин өздүк коопсуздугу үчүн түшүндүрүү иштери жана инструктаждар өткөрүлүп жатат.

Кыргызстанда жалпысынан 30 ашуу тилкеси бар. Алардын 28и жайы-кышы колдонулат. Экөөнү кыш мезгилинде жаап коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0