"Коопсуз шаардын" камералары дагы кайсы көчөлөргө коюлат? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЗапуск проекта "Безопасный город" в Бишкеке
Запуск проекта Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коопсуз шаардын" экинчи этабы 7 облус, республикалык маанидеги 2 шаар, облустук жана райондук маанидеги 15 шаар, 73 калк жыш жайгашкан аймакты камтыйт.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди жеңип алган кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. компаниясы менен долбоорду ишке ашыруу боюнча 8-октябрь күнү келишим түзүлдү. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Жолдогу камералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" II этабын ишке ашырчу кытай компаниясы тууралуу 5 факты
Эске салсак, "Коопсуз шаардын" экинчи этабында Кыргызстандын бардык аймактары, тагыраагы, 7 облус, республикалык маанидеги 2 шаар, облустук жана райондук маанидеги 15 шаар, 73 калк жыш жайгашкан аймак камтылат. Бардыгы 306 аппараттык-программалык комплекс орнотулса, анын 266сы — стационардык, 40ы көчмө болуп саналат. Жалпы жонунан түрдүү типтеги 3000 видеокамера орнотулмакчы.

"Коопсуз шаардын" камералары коюла турган Бишкектеги көчөлөрдүн кесилиши:

  • Ахунбаев — Чортеков;
  • Масалиев — Тыналиев;
  • Токомбаев — Жукеев-Пудовкин;
  • Токомбаев — Нуркамал;
  • Тоголок Молдо — Баялинов;
  • Жукеев-Пудовкин — Сүйөркулов;
  • Алыкулов — Ахунбаев;
  • Байтик баатыр — Токомбаев;
  • Садырбаев — Семетей;
  • Дэн Сяопин — Лумумба;
  • Чүй проспектиси — Тоголок Молдо;
  • Токтоналиев — Масалиев;
  • Жибек Жолу проспектиси — Кулиев;
  • Жибек Жолу проспектиси — Ибраимов;
  • Киев — Абдрахманов;
  • Анкара — Валиханов;
  • Салиева — Курманжан датка;
  • Махатма Ганди — Боталиев;
  • Токтогул — Панфилов;
  • Гагарин — Асаналиев (Некрасов);
  • Панфилов — Горький;
  • Лев Толстой — Панфилов;
  • Шопоков — Жумабек;
  • Москва — Тоголок Молдо;
  • Фрунзе — Лермонтов;
  • Тоголок Молдо — Жибек Жолу;
  • Тоголок Молдо — Щербаков;
  • Орозбеков — Щербаков;
  • Элебесов — Щербаков;
  • Сухэ Батор — Юнусалиев;
  • Сухэ Батор — Токонбаев;
  • Ахунбаев — Токтоналиев;
  • Бейшеналиева — Токтогул;
  • Кулиев — Токтогул;
  • Кулиев — Рыскулов;
  • Киев — Бейшеналиева;
  • Чүй проспектиси — Ибраимов;
  • Патрис Лумумба — Профсоюз;
  • Осмонкулов — Жибек Жолу;
  • Чортеков — Күйүкова;
  • Чүй проспектиси — Валиханов;
  • Жайыл баатыр — Садырбаев;
  • Ибраимов — Фрунзе.
Жаңылыктар түрмөгү
0