01:20 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Коом

Кадамжай: Боз тилкесинде 100дөй мыйзамсыз көмүр шахтанын 20сы иштеп жатат

Кыскача шилтеме алуу
109 0 0
© Видео / Зульфия Тургунова

2019-жылы 10 ай ичинде көмүр шахталарда 9 адам каза болуп, бир канча адам жаракат алган. Акыркы трагедия мындан бир нече күн мурда болду.

Баткен облусундагы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз участкасында 100гө жакын мыйзамсыз көмүр шахталарынын ичинен 20сы бүгүнкү күндө иштеп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жер адиси Шавхат Тажибаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 5-6-октябрь күндөрү Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахталардагы кырсыктардан алты адам көз жумду.

Тажибаевдин айтымында, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында көмүр кендери мыйзамсыз казылып жатат. Совет доорунан кийин Боз деп аталган аймакта иштеп турган бир катар көмүр шахталары жабылган болчу. Бирок айрым ишкерлер өзүм билемдик менен ар кайсы жерден шахталарды ачып, жергиликтүү элге көмүр каздырып келишет. Ал жайларда техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Ошол себептен жыл сайын бул жерде кырсык катталып, адам өмүрү кыйылат.

"Жалпысынан Боз участкасында 100гө жакын мыйзамсыз көмүр шахталары болсо, бүгүнкү күндө анын ичинен 20сы иштеп жатат. Биз буларга жыл сайын эки ирет келип, эскертүү беребиз. Алар эскертүү алгандыгы тууралуу тиешелүү документке кол коюп беришет. Шахталардагы абал боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны да кабардар кылып турабыз. Райондук прокуратурага, Финансы полициясына, ИИМге кат жолдодук. Бирок мыйзам чегинде эч нерсе кыла албай жатабыз. Себеби алар шахтаны биз бекитип кеткенден кийин да электр жарыгын коюп алып, иштетип жатышат", — дейт Тажибаев.

Жергиликтүү деңгээлдеги аткаминерлер аймактардагы көмүр шахталарды жергиликтүү бийлик жабууга аракет кылганы менен эл кайра эле көмүр казууну уланта беришкенин ушундайча түшүндүрүп беришти.

ӨКМдин Баткендеги башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн улук офицери Алтынбек Эназаров билдиргендей, 2019-жылы он ай ичинде эле көмүр шахталарында 9 адам каза болуп, бир катары жаракат алган.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы Абдилазис Хошимовдун айтымында, газга ууланып каза болгондордон сырткары, электр тогуна урунуп мерт болгондор да бар.

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз көмүр казуу иштери совет доору аяктагандан бери эле жүргүзүлөт.

Тема боюнча

Депутат: жүк ташыган вагон жетпей, атышууга чейин барып жатышат
Белгилер:
өлүм, шахта, көмүр кени, Сүлүктү, Кадамжай, Баткен облусу, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ