01:26 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Гүл терип жаткан бала. Архив

Жан барда арман жоктой гүлдөйлүчү… Кыялбек Урманбетовдун нускасы

© Фото / Александр Федоров
Коом
Кыскача шилтеме алуу
147 0 0

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Кыялбек Урманбетовдун нускалуу кептерин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Акын Кыялбек Урманбетов 1959-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүрүп, мамлекеттик телерадио комитетинин жаштар редакциясында редактор болуп эмгектенген. Ошондой эле "Кыргызфильм" киностудиясында мультфильмдер боюнча топтун редактору, "Кыргызстан маданияты" гезитинде кабарчы, "Кербез" журналында, "Аргумент" гезитинде редактор болгон. "Махабат жылдызы" аттуу эң биринчи мюзиклди жараткан. Жүздөн ашык обондуу ырлардын автору.

Кыялбек Урманбетовдун нускалуу ыр саптары:

Жашайбыз бала күтүп, кайрым тилеп,
Жашайбыз жаралгандан кайгы-муң жеп.
Жан барда арман жоктой гүлдөйлүчү,
Жашайбыз дагы канча, ай, ким билет.

***

Бал сунуп, уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек – комуз калат ырлар менен…
Билгенге жалгыз чындык – ошол арман.

***

Ак куудай түнөгүндө,
Ак тилек жүрөгүмдө.
Билели баркыбызды,
Бир келген бир өмүрдө.

***

Күн окшоп келгин кушка,
Күлгүн кез эң бир кыска.
Туралы таттуулашып,
Тузу кем бул турмушта.

Кеткенге кейибейли,
Кечикпей кел бийлейли.
Бири кем жалган дүйнө,
Бирок биз кемибейли.

Тема боюнча

Бабаңдан бото калбаса да, бата калсын тууруңа! Сүйүнбай Эралиевдин нускасы
Турмуш дудукту да кол жаңсатып сүйлөтөт! Рамис Рыскуловдун нускасы
Жалган менен өмүрүбүз чырмалды! Эгемберди Эрматовдун нускасы
Белгилер:
нускама, акын, ыр, кеп казына

ЭҢ МААНИЛҮҮ