01:21 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз негизде тургузулган объектилерди түрттүрүү иштерин улантууда.

Бишкекте мыйзамсыз объектилер түрттүрүлдү. Сүрөттөр

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Коом
Кыскача шилтеме алуу
269 0 0

Мыйзамсыз курулган тосмолор, дарбазалар түрттүрүлдү. Мэрия жарандарды жерди колдонуу мыйзамдарын сактоого чакырат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз негизде тургузулган объектилерди түрттүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул сапар башкармалыктын кызматкерлери "Тазалыктын" командасы менен биргеликте Лев Толстой-126 дарегиндеги жарнама тактасын алып салды. Ошондой эле Москва менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине мыйзамсыз орнотулган павильон дагы жок кылынды.

  • Управление землепользования и строительства (УЗС) продолжает работу по демонтажу незаконно установленных объектов и инвентаризации муниципальных земельных участков.
    Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз негизде тургузулган объектилерди түрттүрүү иштерин улантууда.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Управление землепользования и строительства (УЗС) продолжает работу по демонтажу незаконно установленных объектов и инвентаризации муниципальных земельных участков.
    Бул сапар башкармалыктын кызматкерлери "Тазалыктын" командасы менен биргеликте Лев Толстой-126 дарегиндеги жарнама тактасын алып салды.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз негизде тургузулган объектилерди түрттүрүү иштерин улантууда.

"Түлөбердиев көчөсүндөгү жолду оңдоого тоскоолдук кылган тосмолор, дарбазалар жана курулуштар түрттүрүлдү. Садырбаев менен Матыев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн ээлери мыйзамсыз негизде жерлерин кеңейтип алышкан. Мындан сырткары, Кара-Көл-34 дарегиндеги үй ээлери дагы кызыл сызыктан чыгып кетишкен. Мындан улам металл дарбаза менен кирпичтен курулган тосмо түрттүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия жарандарды жерди колдонуу мыйзамдарын сактоого чакырат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Иманакун уулу: Бишкекте мыйзамсыз курулган 1879 объект түрттүрүлдү
Белгилер:
объект, мыйзамсыз объект, Бишкек мэриясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ