Түркияда кыргызстандык кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулду

© AFP / Olga MALTSEVAИнтим салонунун кызматкери. Архив
Интим салонунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анталья шаарындагы Серик районунун аймактык полициясы ири операция жүргүзүп, жети аялды сексуалдык кулчулуктан бошоткон.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Түркиядагы Анталья шаарынын аймактык полициясы Молдовадан жана Кыргызстандан келген аялдарды интимдик кызматка мажбурлап иштеткен кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул туурасында жергиликтүү Haberler агенттиги полицияга шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Анталья шаарынын Серик районунун полициясы ири операция жүргүзүп, жети аялды сексуалдык кулчулуктан бошоткон.

"Аялдарды төрт башка батирде кармап, интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Алардын бири кыргызстандык, экинчиси молдовалык, калган бешөө түрк аялдары болгон", — деп айтылат басылманын маалыматында.

Операциянын жыйынтыгында беш киши кармалып, көмүскө жайда интимдик кызмат уюштуруу фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Аялдарды мекенине депортациялоо маселеси каралып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0